Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү 27-январдагы жыйында Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырды.
Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев брифингде Баш мыйзамдын жаңы долбоору дагы эки-үч күн каралгандан кийин Жогорку Кеңешке жибериле турганын билдирди. Анын айтымында, жаңы долбоорду кеңешменин 67 мүчөсү колдоп кол коюп берди.
Долбоордун акыркы варианты Жогорку Кеңешке түшкөндөн кийин парламент аны референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү күтүлүп жатат.
Баш мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык, аткаруу бийлиги президенттин карамагына өтүп, министрлер кабинетин президенттин аппаратынын жетекчиси башкарат.
Парламент депутаттарынын саны 120дан 90го чейин азайтылат. Мындан тышкары Элдик курултай деген жаңы институт киргизилди.
Баш мыйзамдын жаңы долбоору 118 беренеден турат. Ал 2020-жылы 17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты жазып коомдук талкууга чыгарган долбоордун негизинде даярдалган.
Сунушталып жаткан Конституциянын долбоору боюнча премьер-министрлик кызмат жоюлат. Президенттин аппаратынын жетекчиси бир эле учурда министрлер кабинетин да башкарат.
Президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилип, ал аткаруу бийлигинин жетекчисин дайындайт жана көзөмөлдөйт, ички тышкы саясатты аныктайт, бийлик бутактарынын биргелишип иштешин камсыз кылат. (BTo)