Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Кабулдагы жардыруу эки полиция кызматкеринин өмүрүн алды


Кабулдагы жардыруу. 18-январь, 2020-жыл.
Кабулдагы жардыруу. 18-январь, 2020-жыл.

Расмий маалыматтарга караганда, Кабулдун ар кайсы тарабында болгон жардыруулардан эки полиция кызматкери мүрт кетип, беш адам жарадар болду.

Полициянын өкүлү Фирдоус Фарамарц билдиргендей, 27-январда эки полиция кызматкери алардын автоунааларына коюлган бомба жарылып кеткендиктен каза болушкан.

Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна ала элек.

Соңку айларда Кабулда таңкы убактарда ушундай окуялар көп катталууда.

Полиция билдиргендей, 26-январда ушундай эле бомба жарылып бир жайкын тургун көз жумган.

XS
SM
MD
LG