Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Талибдер Батыш Ооганстанда 12 кишини, Кабулда 2 кишини өлтүрүштү


Ооганстандагы жоокер аялдар аскердик машыгуу маалында. Герат вилайети. 2021-жылдын 12-январы.
Ооганстандагы жоокер аялдар аскердик машыгуу маалында. Герат вилайети. 2021-жылдын 12-январы.

Ооганстандын батышындагы Герат вилайетинде талибдер өкмөттүк коопсуздук күчтөрүнө кол салып, 12 жоокерди өлтүрүштү. Расмий бийликтер бул кол салуу ичтен болгон деп мүнөздөштү.

Герат полициясынын басма сөз өкүлү Абдул Ахад Вализаде бул кол салуу 15-январда кечкурун болгонун жана аны бери дегенде эки талиб тыңчысы жоокерлердин катарына кирип алып жүзөгө ашырышканын айтты.

Кол салгандар набыт болгондордун курал-жарактарын алып качышкан. Вализаденин айтымында, эми жоочулар кол салган аймак кайрадан өкмөттүк көзөмөлгө өттү.

Ал эми 16-январда Кабул шаарында полиция унаасына магнит менен жармаштырылган бомба жардырылып, анын айынан эки полициячы мүрт кетти жана бири жараат алды.

Бул чабуул үчүн азырынча эч ким жоопкерчиликти мойнуна ала элек.

Ал арада Катардын борбору Доха шаарында ооган өкмөтү менен талибдердин өкүлдөрү тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууда.

“Ислам мамлекети” аталган террорчу топ буга чейинки Ооганстандын борборундагы террордук кол салууларды өзү уюштургандыгын жарыя кылган.

XS
SM
MD
LG