Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

ИМдин Ооганстандагы жолбашчысы жок кылынды


Нангархардагы ооган атайын күчтөрү. 14-апрель, 2017-жыл.
Нангархардагы ооган атайын күчтөрү. 14-апрель, 2017-жыл.

Ооганстанда “Ислам мамлекети” террордук тобунун жолбашчысы жок кылынганы ырасталды. Ал АКШ менен Ооганстандын өткөн айдагы биргелешкен операциясы учурунда мерт болгонун эки тарап тең белгиледи. Соңку күндөрү болсо халифатчылардын Ооганстандагы очогу саналган Нангархар провинциясындагы турумдарына абадан сокку урулган. Бул аралыкта "Талибан" кыймылы Ооганстандын Борбор Азияга чектеш түндүк-чыгышынан дагы бир районду басып алды.

“Ислам мамлекети” тобунун Ооганстандагы жолбашчылыгына былтыр дайындалган Абдул Хасиб Логари АКШдан атайын аскерлердин 50, Ооганстандан 40тай өкүлү катышкан жана биргелешкен рейди учурунда жок кылынганы эки өлкөнүн аскер күчтөрүнүн билдирүүсүндө айтылды. Ал биргелешкен операция 28-апрелде өткөрүлгөн экен.

АКШ жана ооган аскерлеринин атайын бөлүктөрү күн мурунтан аныкталган “аймакка абадан ташталар замат бир нече тараптан жакшы даярдалган турумдардан аткылоого кабылган, бирок алар душманды талкалап “Ислам мамлекети” тобунун бир нече лидерин жана 35тей согушкерин жок кыла алды”,- деп ырасталат эки армиянын биргелешкен билдирүүсүндө.

Абдул Хасиб Логари мына ушул операция учурунда жок кылынганын ооган президенти Ашраф Ганинин кеңсеси да ырастап, ал быйыл март айында Кабулдагы аскерий ооруканага жасалган чабуул үчүн жоопкер экенин белгиледи. Ал чабуулдан кеминде 50дөй кишинин өмүрү кыйылган эле. “Ислам мамлекети” террор тобу Кабулда өткөн аптадагы жардыруу үчүн да жоопкерчилик алган болчу.

Кабулда ИМ тобу жоопкерчилик алган соңку жардыруу. 3-май, 2017-жыл.
Кабулда ИМ тобу жоопкерчилик алган соңку жардыруу. 3-май, 2017-жыл.

Жанкечтинин чет элдик аскерлердин кербенине каршы багытталган жардыруусунан жайкын тургундардын сегизи набыт болду.

Ирак менен Сириядагы халифатчылардын Ооганстандагы канаты – “Хорасан провинциясы” деген ат менен белгилүү.

Бул өлкөнүн аймагында 2015-жылдан бери аракеттенген топтун мурдагы лидери Хафиз Саид былтыр АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагынын же дрондун соккусу менен жок кылынган.

ИМ тобунун Ооганстандагы очогу саналган Нангархар провинциясы. 14-апрель, 2017-жыл.
ИМ тобунун Ооганстандагы очогу саналган Нангархар провинциясы. 14-апрель, 2017-жыл.

“Ислам мамлекети” тобунун Ооганстандагы очогу - чыгыштагы Нангархар провинциясы.

Ички иштер министрлигинин 8-майдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде алардын турумдарына ооган армиясынын учактары да сокку уруп, отуздан ашуун согушкерди жана халифатчылардын радиостанциясын жок кылышты.

Мунун алдында, быйыл 13-апрелде АКШ армиясы Нангархардын Ачин районундагы туннелдер комплексине өзөктүк эмес эң ири бомбасын таштап, “Ислам мамлекети” тобунун 90дон ашуун согушкерин жоготту деп жарыяланган.

- Ооганстан “Ислам мамлекети” тобу башпаанектей турган жай болбойт. Эгер бул операциялар ооган армиясы тарабынан жүргүзүлсө, биз алар менен өнөктөштүктө иштейбиз. Сириядагы согушкерлер Ооганстанга ообошу үчүн биз алардын бул жердеги башкалкалоочу жайларын жоёбуз, операциянын максаты мына ушул, - деген эле анда АКШ күчтөрүнүн Ооганстандагы колбашчысы, генерал Жон Николсон.

Бул аралыкта “Ислам мамлекети” террордук тобунун да согушкерлери бар делген жана Борбор Азия менен чектеш түндүк-чыгыштагы Кундуз провинциясынан "Талибан" дагы бир районду басып алды.

Кундуз шаарынын батышындагы Кала-и-Зал району талибдер тарабынан 6-май күнү ээленген:

- Дал ушу тапта Кал-и-Зал районунун аймагы жана анын кыштактары толугу менен душмандын колуна өттү, өкмөт тараптан бул жерде азыр эч ким жок, - деди Кундуздун провинция кеңешинин депутаты Асадулла Саадат кабарчыларга.

Норвегия качкындар кеңеши деген гуманитардык уюмдун 7-майдагы билдирүүсүнө караганда, аталган райондун ээлениши өз кезегинде аймактан жүздөгөн үй-бүлөлөрдүн качуусун да шарттады.

Кундуздан качкан оогандар. 12-октябрь, 2016-жыл.
Кундуздан качкан оогандар. 12-октябрь, 2016-жыл.

Жакында быйылкы жазгы чабуулун баштаганын жарыялап, аны мурдагы лидеринин урматына “Мансур” операциясы деп атаган "Талибан" акыркы бир жарым жыл ичинде провинция борбору Кундуздун өзүн да кыска мөөнөткө кеминде эки ирет ээлөөгө жетишкен.

АКШнын Ооганстанды кайра куруу боюнча атайын башкы инспектору 30-апрелде Конресске жолдогон акыркы баяндамада ооган өкмөтү азыр өлкөдөгү 407 райондун 59,7% көзөмөлдөрү көрсөтүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG