Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

Катарда ооган бийлиги менен «Талибандын» сүйлөшүүлөрү уланат


Катардагы сүйлөшүүлөрдү колдоо акциясы. Герат, 2-сентябрь 2020-жыл
Катардагы сүйлөшүүлөрдү колдоо акциясы. Герат, 2-сентябрь 2020-жыл

Ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү 4-январда «Талибан» менен сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасына катышуу үчүн Катарга жол тартышты. Оогандардын ички диалогу 20 күндүк тыныгуудан кийин шейшембиде жанданмакчы. Токтобой келаткан зордук-зомбулук тынчтык орнотуу аракеттерине көлөккө түшүрүүдө. Сүйлөшүүлөр былтыр февралда Вашингтон менен «Талибан» кыймылы келишимге кол койгондон кийин сентябрда башталган.

Өткөн айда Кабул өкмөтү менен талибдер сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосу боюнча мунасага келишкен. Эл аралык коомчулук тараптарды кармаштарды азайтууга чакырып жатат.

Ооган бийлигинин өкүлдөрү «Талибан» жоочулары өкмөт кызматерлерин, журналисттерди, диниятчыларды, саясатчыларды жана укук коргоочу активисттерди бутага алып келатышканын айыпташты. Согушкер топ кээ бир дооматтарды четке кагып, ошол эле маалда Ооганстандын бир нече аймагындагы жерлерди өздөрүнө кайтарып алууга жетишти.

АКШ «Талибан» менен жетишилген келишимге ылайык, май айына чейин чет өлкөлүк аскерлер Ооганстандан толугу менен чыгарылууга тийиш. Бул үчүн кыймыл коопсуздук кепилдиктерин берген. Ноябрда президент Дональд Трамп январдын ортосуна чейин америкалык 2 миң жоокер чыгып кетерин билдирген. Андан кийин ооган жергесинде 2,5 миң аскери калмакчы. Бул процесс шайланган президент Жо Байден 20-январда кызматына расмий киришкенден кийин анык болмокчу.

XS
SM
MD
LG