Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Терроризмдин глобалдык индекси: Кыргызстан салыштырмалуу коопсуз


Ооганстандын борбору Кабулда тартылган сүрөт. 18-ноябрь, 2019-жыл.
Ооганстандын борбору Кабулда тартылган сүрөт. 18-ноябрь, 2019-жыл.

2019-жылга карата "Терроризмдин глобалдык индексинде" Кыргызстан салыштырмалуу коопсуз мамлекеттердин катарына кирип, бир жыл мурдагыга караганда жети тепкичке өйдө көтөрүлдү.

Рейтингди Австралиянын Экономика жана дүйнө институтунун эл аралык эксперттеринин тобу чыгарды.

163 өлкөнү камтыган тизмеде Кыргызстан 87-орунду ээлеген. 2018-жылы 80-орунда эле.

Борбор Азия мамлекеттеринен Тажикстан 50-катарда, былтыркыдан 24 тепкич артка кеткен. Казакстан бир жыл мурдагы көрсөткүчүн он тепкичке жакшыртып, быйыл 85-орунга коюлган. Өзбекстан үч сапка көтөрүлүп, 135-катарда турат. Түркмөнстан дүйнөдөгү эң коопсуз 26 мамлекеттин катарында.

АКШ 22, Орусия 37-орунда. Эки мамлекет тең террор коркунучу бар өлкөлөрдүн катарын толуктайт.

Эң кооптуу деп саналган төрт өлкө - Ооганстан, Ирак, Нигерия жана Сирия.

Терроризмдин глобалдык индекси өлкөнүн ичиндеги жана тышындагы коркунучтун деңгээли менен бааланат. Рейтинг ишке ашырылган теракт, набыт кеткендердин саны жана чыгымына жараша аныкталат. (SE)

XS
SM
MD
LG