Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Ооганстан жана Пакистан кабарчылар үчүн кооптуу өлкөгө айланды


Ооганстан менен Пакистан кабарчылар үчүн эң опурталдуу өлкөлөрдүн сап башына чыкты.
Ооганстан менен Пакистан кабарчылар үчүн эң опурталдуу өлкөлөрдүн сап башына чыкты.

2020-жылы журналисттик ишмердигинен улам 50 адам киши колдуу болду.

Бул тууралуу «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму кабарлады. Анда Ооганстан менен Пакистан кабарчылар үчүн эң опурталдуу өлкөлөрдүн сап башына чыкты.

Уюмдун соңку баяндамасына ылайык, маркум кабарчылардын көбү коррупцияга, уюшма кылмыш топторуна жана экологияга байланышкан маселелерди иликтегени үчүн буйрутма менен өлтүрүлгөн.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жети кызматкери калайман каршылык акцияларын чагылдырып жүргөн маалда ажал тапкан.

Соңку он жылдын ичинде жалпысынан 937 адам журналисттик ишмердиги үчүн, же иш учурунда өмүрү кыйылган.

Былтыр кабарчылык кесибине байланыштуу 53 адам курман болгон. Уюмдун белгилешинче, статистиканын бир аз азайышына коронавирус пандемиясы да таасир этти, мындан улам 2020-жылы иш ордуна барган журналисттер азырак болду.

Кабарчылар үчүн эң кооптуу мамлекеттердин сап башында дагы деле Мексика турат. 2020-жылы бул өлкөдө кесибине байланыштуу сегиз кабарчы өлтүрүлдү. Айрыкча маңзат соодасы, анын саясатчылар менен байланышын иликтеген журналисттер өмүрүн чоң тобокелге салышты.

«Бир канча жылдан бери «Чек арасыз кабарчылар» иликтөөчү журналисттер чынында эле мамлекеттин, же картелдердин бутасына алынарын белгилеп келет»,-деди уюмдун башкы редактору Полин Адрес-Мэвл.

2019-жылы кабарчылардын атайлап өлтүрүлгөн учурлары 63 пайызды түзгөн болсо, быйыл 84 пайызга жетти.

Иракта алты медиа кызматкери киши колдуу болду. Бирок буга байланыштуу эч ким жоопко тартылбай, олуттуу көңүл бурулуп, мындай фактылар иликтенген жок.

Кабарчылардын үчөөн каршылык акцияларын чагылдырып жүргөн учурунда белгисиз адамдар атып кетишкен. Согуштан азып-тозгон Ооганстанда 2020-жылы беш кабарчы киши колдуу болду жана бул кылмыштардын эч биринин бети ачыла элек.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун белгилешинче, ооган өкмөтү менен «Талибан» куралдуу кыймылы 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантып жатканы менен соңку айларда медиа кызматкерлерине каршы чабуул күчөдү.

Ооганстанда киши колдуу болгон журналисттердин арасында «Азаттыктын» ооган кызматынын кабарчысы Ильяс Дайи да бар. Күзүндө анын машинеси жардырылган.
Ооганстанда киши колдуу болгон журналисттердин арасында «Азаттыктын» ооган кызматынын кабарчысы Ильяс Дайи да бар. Күзүндө анын машинеси жардырылган.

Декабрь айынын башында өлкөнүн чыгышындагы Нангархар провинциясында «Enikass ТV» менчик телеканалында иштеген Малала Майванд менен анын айдоочусун аймактын борбору Желалабад шаарына келе жаткан жолдо белгисиз адамдар атып кетишкен. Майванд бул телеканалда сегиз жылдан бери иштеп келген. Ал аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо жаатындагы активист катары да белгилүү болчу.

Мындан көп узабай Газни провинциясындагы аймактагы журналисттер кошуунунун жетекчиси Рахматулла Некзад белгисиз адамдар чыгарган октон ажал тапкан.

Калган төрт кабарчы бомба чабуулунан мерт болду. Алардын арасында «Азаттыктын» ооган кызматынын кабарчысы Ильяс Дайи да бар. Күзүндө анын машинеси жардырылган.

Пакистанда узап бараткан жылы төрт журналист кесиптик вазийпасын аткаргандыгы үчүн киши колдуу болуп өлдү.

«Чек арасыз кабарчылар уюму» журналисттерге каршы зордук-зомбулук фактыларын 1995-жылдан тартып каттап-чоттоп келатат.
«Чек арасыз кабарчылар уюму» журналисттерге каршы зордук-зомбулук фактыларын 1995-жылдан тартып каттап-чоттоп келатат.

Май айында башына ок жеген, денесинде кыйноонун тагы бар Зульфикар Мадранини табышкан. «Чек арасыз кабарчылар уюму» ал «маңзат соодасы менен шугулданган жергиликтүү тургундун полиция кызматкери менен байланышын иликтеп жүргөнү үчүн киши колдуу болушу мүмкүн» деп билдирген.

Ошондой эле 2020-жылы коронавирус жүздөгөн журналисттин өмүрүн кыйды. Уюм алардын канчасы иш маалында ооруну жуктуруп алганын аныктоо мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Ошентсе да Египетте, Орусияда жана Сауд Арабиясында абакта жаткан маалда коронавирус жугуп, тиешелүү медициналык жардам ала албай үч кабарчы каза тапты.

Аталган уюм Иранда декабрь айында оппозициячыл маанайдагы журналист Рухолла Замдын өлүм жазасына тартылганын кескин айыптаган.

«Чек арасыз кабарчылар уюму» журналисттерге каршы зордук-зомбулук фактыларын 1995-жылдан тартып каттап-чоттоп келатат.

XS
SM
MD
LG