Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Орус соту журналистти айыпка жыкты


Прокопьеванын сотунан кийин. Псков, 6-июль, 2020-жыл.
Прокопьеванын сотунан кийин. Псков, 6-июль, 2020-жыл.

Орусиянын Псков шаарында аскердик сот журналист Светлана Прокопьеваны терроризмди актагандыгы үчүн айыптуу деп таап, 500 миң рубль айыпка жыкты. «Радио Свобода» менен кызматташкан Прокопьева күнөөсүн моюнга алган жок жана өкүмгө каршы жогорку инстанциядагы сотко кайрыларын айтты.

2018-жылдын октябрында Архангелск шаарында 17 жаштагы өспүрүм ФСБнын имаратында колго жасалган түзмөктү жардырып жиберген. Ал өзү өлүп, атайын кызматта иштеген үч киши жарадар болгон. Прокопьева өспүрүмдү мындай кадамга түрткөн себептерди талдап, «мамлекеттин репрессивдүү аракеттери өзүнө каршы күрөшкөн ушундай муунду тарбиялады» деп «Эхо Москвы Псковдо» радиосундагы талкуу учурунда боолгологон. Кийин ушундай эле мазмундагы макаласын «Псков маалымат тасмасы» деген сайтта жарыялаган.

Үч айдан кийин, 2019-жылдын 6-февралында күч түзүмдөрү «Терроризмди актоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында журналисттин үйүн тинтип, радиостанцияга жана ал иштеген агенттикке макала үчүн айып салышкан.

Сотто журналист макаласын Архангелскидегидей окуялардын алдын алыш үчүн жазганын, терроризмди актабаганын, мамлекеттин тартип коргоо чөйрөсүндөгү саясатын сындаганын билдирди. Буга үндөш оюн дүйшөмбүдө соттун жанына чогулган кабарчыларга да кайталады:

Светлана Прокопьева.
Светлана Прокопьева.

«Бийликтин дарегине айтылган сынды кантип кылмышка теңешет? Анда сынга тыюу салып салалы. Келгиле, «журналисттер бийликти, күч органдарын, эч кимди сындаганга укугу жок» деп айталы».

Прокуратура күнөө койгондо психологиялык-лингвистикалык экспертизага таянган. Биринчи бүтүмдө «журналист окурманда террорчуга карата оң көз караш жаратууну көздөгөнү, себеби аны «репрессивдүү мамлекетке каршы күрөшкөн, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргогон адам» деп сүрөттөгөнү» айтылган. Экинчи экспертиза да Прокопьеванын айтып, жазгандарында «кыйраткыч аракеттердин» лингвистикалык жана психологиялык белгилерин таап чыккан.

Прокурор Прокопьеваны алты жылга кесүүнү жана төрт жылга журналист болуп иштешине тыюу салууну суранган.

Журналист соттун өкүмүнө каршы апелляциялык арыз берерин билдирди жана кесиби боюнча иштөөгө тыюу салынбаганын ийгилик катары мүнөздөдү:

«Өкүмдү жокко чыгартпастан эле, менин күнөөм жок экенин моюнга алуусун көздөйбүз. Себеби макаламда терроризмди актаган эмесмин, мен терроризмди эч качан актаган эмесмин жана актабайм. Ошенткен деп шек санашканы таң калыштуу».

Дэйзи Синделар.
Дэйзи Синделар.

Прокопьева бир нече маалымат каражаттары, анын ичинде «Радио Свобода» менен кызматташат. «Эркин Европа/ Азаттык» радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Дэйзи Синделар орус бийлигинин эркин жана белгилүү журналистти куугунтуктоосун айыптады.

«Светлананын иши совет бийлиги сын айткан адамдарды жазалаш үчүн уюштурган көргөзмө сот процесстерин эске салат. Бул сөз эркиндигине жана көз каранды эмес басма сөздүн миссиясына каршы чабуул», - деп билдирди Синделар.

Орусиялык бир катар журналисттер Прокопьеваны колдоп акцияларды уюштуруп келишкен. «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму журналисттин сот жообуна тартылышын айыптаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG