Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Ачкачылык кармаган режиссер алдан тайды


Киевдеги Олег Сенцовду колдогон акциянын катышуучусу. 13-июль, 2018-жыл.
Киевдеги Олег Сенцовду колдогон акциянын катышуучусу. 13-июль, 2018-жыл.

Украинанын Акыйкатчысы орус абагында үч айга жакын ачкачылык кармап отурган Сенцовдун өмүрүн сактап калыш үчүн “тез арада чара көрүү” зарыл экенин айтып, коңгуроо какты.

Бейшембиде украин акыйкатчысы Людмила Денисова "Фейсбук" баракчысына орусиялык кызматташы Татьяна Москалкова менен Сенцовдун абалы тууралуу сүйлөшкөнүн, режиссердун өмүрүн сактап калуунун жолдорун, анын ичинде Украинанын түрмөсүндө жаткан орус жаранына алмашууну дагы талкуулашканын айтты.

Ал ортодо Европадагы Коопсуздук жаны Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) медиа эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир "Твиттер" баракчасына Сенцовдун “алдан тайган акыбалы кооптуу” экенин жазып, Москваны ага эркиндик берүүгө чакырды.

“Reuters” агентти Париждеги өз булагына таянып, француз президенти Эммануэл Макрон орус лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу Сенцов тууралуу сүйлөшө турганын кабарлады.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бейшембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Сенцовдун энесинин Путинден ырайым сураган каты президенттик администрациянын тиешелүү бөлүмүнө келип түшкөнүн ырастады. "Азырынча ага кандай жооп болорун айта албайм. Ырайым берүү үчүн мыйзамда бир катар нормалар каралган", деп гана чектелди Песков.

Бир катар уюмдар Путинди украин режиссеруна ырайым берүүгө үндөп жатышат. Песков ал үчүн Сенцов өзү орус президентине кайрылышы керек экенин, ансыз маселе каралбай турганын айткан. Түрмөдөгү украин режиссеру эч кимден ырайым сурабай койгон.

Акыйткатчы Денисованын айтканына караганда, орус акыйкатчысы Москалкова Сенцовдун маселеси укуктук жактан чиелешип калганын түшүндүргөн. Төрөлгөндөн бери Крымда жашаган Сенцов Орусиянын мыйзамы боюнча орус жараны. Андыктан орус жаранын башка бир орус жаранына алмаштыруу мүмкүн эмес.

Орусия Крымды 2014-жылы каратып алгандан кийин мыйзам кабыл алган. Ага ылайык аннексияланган аймактын тургундары дароо орус жарандыгына ээ болушкан. Орус жарандыгын алгысы келбегендер андан баш тартышы керек. Сенцов андай кылган эмес.

Денисова орус акыйкатчысына кат жазып, Сенцовду Москвага ооруканага учак менен алып келүүнү өтүнгөн. Ага удаа эле украин акыйткатчысы орусиялык кызматташы жиберген абактагы Сенцовдун азыркы сүрөттөрүн жарыялады.

Адвокат Дмитрий Динзе түрмөгө барып, режиссердун абалын көрүп келгенден кийин Сенцов 30 килограммга арыктаганын, каны азайгандыктан тамырынын кагышы солгундап, бир мүнөттө 40 жолу согуп калганын билдирди. Ага карабастан, режиссер ачкачылыгын токтотуп, ооруканага жатуудан баш тартты.

УкраинанынТышкы иштер министрлиги Сенцовдун өмүрү коркунучта экенин эскертип, аны боштондукка чыгарыш үчүн эл аралык коомчулукту Орусияга басымды күчөтүүгө үндөдү.

Сенцовдун Москвада жашаган бөлөсү Наталья Каплан 8-августта “Фейсбуктагы” баракчасына Сенцов түрмөдөн адвокаты аркылуу кат берип жибергенин, анда “абалым өтө начар” деп жазганын чыгарды.

“Ал жакындап калганын жазды – бирок ал мөөнөтү бүтүп калганын эмес, көрөөр күнү, ичээр суусу бүтүп баратканын айтып жатат” деди Каплан.

Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматынын Ямало-Ненецк автоном округу боюнча башкармалыгы Сенцовдун абалын “канааттандырарлык” деп баалап, “анын негизги органдарынын иштөөсүнө көмөктөшө турган дарылоо” жүрүп жатканын билдирди.

42 жаштагы Сенцов Орусиянын Ямало-Ненецк аймагындагы Лабытнанги шаарындагы “Ак аюу” деген түрмөдө майдын ортосунан бери ачкачылык кармап отурат. Анын талабы - өзүнө окшоп “саясий негизде” кармалган 64 украин жаранына эркиндик берүү.

Ал 2014-жылы Орусия өзүнө каратып алган Крымда кармалган. 2015-жылы Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен. Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана орус бийлиги койгон айыпты толугу менен четке каккан.

10-августта орус түрмөсүндө украин режиссерунун ачкачылык кармап отурганына 89 күн болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG