Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Пентагондун убактылуу жетекчиси Ооганстанга барды


АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Крис Миллер.
АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Крис Миллер.

АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Крис Миллер Ооганстанга барды. Анда ооган президенти Ашраф Гани менен жолугуп, «Талибан» кыймылы менен жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүн талкуулады.

Пентагон 22-декабрдагы билдирүүсүндө Миллердин сапары тууралуу коопсуздуктан улам алдын-ала маалымат берилбегенин түшүндүрдү. Ошондой эле Пентагондун жетекчиси АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин башчысы Скотт Миллер менен жолугуп, террорчулукка каршы күрөш, коопсуздук маселелерин талкуулаган. Мындан тышкары ал Ооганстандагы америкалык аскерлер менен баарлашкан.

Ооган өкмөтү менен шарият эрежелерин талап кылган талибдердин кыймылы өлкөдөгү 19 жылдык согушту токтотуш үчүн Катардын баш калаасы Дохада сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Бирок соңку айларда Ооганстанда талибдердин жана башка өкмөткө каршы күчтөрдүн ар кыл зомбулук аракеттери күчөп жатат.

Расмий маалыматтар боюнча, 22-декабрда жол боюна катылган бомба жарылып, анын айынан беш киши набыт болду. Анын төртөө дарыгерлер экени кабарланды. Алар Кабулдагы Пули Чарки түрмөсүндө иштеп, андан чыгып келе жатканда жардырууга кабылган. Бул террорлук чабуул атайылап дарыгерлерге каршы багытталганбы же жокпу, азырынча белгисиз. Ал чабуул үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

XS
SM
MD
LG