Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:31

Кабулда кол салуунун айынан үч киши, Кандагарда он чакты талиб жоочусу өлдү


Ооган жоокерлери жаңы ачылган оогандык-ирандык Герат-Хаф темир жолунун Герат вилайетинин Гурйан ооданындагы тилкесин кайтарууда. 2020-жылдын 10-декабры.
Ооган жоокерлери жаңы ачылган оогандык-ирандык Герат-Хаф темир жолунун Герат вилайетинин Гурйан ооданындагы тилкесин кайтарууда. 2020-жылдын 10-декабры.

Ооганстандын борбору Кабул шаарынын полициясынын айтымында, 13-декабрда эки башка жердеги бомба жардыруу жана куралчан кол салуу окуяларынын айынан бери дегенде үч киши набыт кетти.

Бир күн мурда эле борбор шаарды жана аба майданын бир нече жолу мина аткыч менен аткылашып, бери дегенде бир киши өлгөн.

Кабулдун 15-районунда унаага магнит менен жабыштырылган жардыргыч зат жарылды. 2020-жылдын 13-декабры.
Кабулдун 15-районунда унаага магнит менен жабыштырылган жардыргыч зат жарылды. 2020-жылдын 13-декабры.

Кабул полициясынын басма сөз катчысы Фирдоус Фарамарздын айтымында, жекшембидеги эки кишинин өлүмүнө, эки кишинин жаракат алышына себепкер болгон жардыргыч зат автоунаага магнит менен жабыштырылган. Ал эми шаардын башка жагында жумушуна келе жаткан өкмөттүк прокурор атып өлтүрүлгөн.

Азырынча жекшембидеги чабуулдар үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек.

Өлкө түштүгүндөгү Кандагар шаарында 13-декабрга караган түнү айыгышкан салгылашуу болуп, анын натыйжасында он чакты талиб жоочу өлтүрүлгөнүн расмий бийлик маалымдашты. Талибдер шаардын айланасындагы беш райондун өткөөл бекеттерине кол салышкан, бирок артка чегинүүгө аргасыз болушкан. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги маалымдады.

Ооган бийлиги менен талибдердин өкүлдөрү ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү алга жылдыра албай жаткан чакта, өлкөдө зомбулук аракеттери күчөп кетти.

Айрым учурларда талибдердин өздөрү аларга баш ийбеген «Ислам мамлекети» уюмунун жоочулары менен да салгылашуу жүргүзүштү. Бул да башаламандыкты күчөттү.

АКШнын азыркы бийлиги болсо Ооганстандан өз аскерин чыгарып кетүү долбоорун акырына чыгаруу үчүн далалат кылып жатат. (TT)

XS
SM
MD
LG