Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Австралия Ооганстанда кылмышка айыпталган жоокерлерин жазалайт


Ооганстандагы антитеррордук коалициянын аскери.
Ооганстандагы антитеррордук коалициянын аскери.

Австралия армиясынын кол башчысы Рик Бурр атайын бөлүктүн 13 жоокери Ооганстан боюнча баяндамага байланыштуу кызматтарынан алынарын жума күнү билдирди.

Өткөн аптада жарык көргөн документте австралиялык аскерлер 2005-2016-жылдар аралыгында 39 карапайым ооганды жана туткунду мыйзамсыз өлтүргөнү айтылган.

Генерал Бурр чара көрүлө турган жоокерлердин ысымдарын атаган жок, бирок алар адам өлтүрүү беренеси боюнча айып тагылышы мүмкүн деген азыркы жана мурдагы 19 аскердин катарына кирбейт деди. Сөз болгон 13 жоокер армия жетекчилиги берген эскертүүгө эки жума ичинде жооп кайтара алат.

Мыйзам бузуу тууралуу докладда Ооганстандагы абактарды кайтарган австралиялык офицерлер жаш жоокерлерге «биринчи кан чыгаруу» деген ырым кылып «туткундалган адамды өлтүр» деп тапшырма бергени айтылган.

Төрт жылга созулган иликтөө учурунда атайын судьянын командасы 20 миң документ менен таанышып, 400дөй күбөнүн көрсөтмөсүн алган. Австралия ал окуя үчүн Ооганстандан кечирим сурады.

АКШ баштаган антитеррордук коалициянын курамында Австралиянын аскерлери Ооганстанда 2001-жылдан бери террорчулукка каршы операцияларга катышып жүрөт.

XS
SM
MD
LG