Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Дыйканбаев эки айга камалды


Курманбек Дыйканбаев, президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү.
Курманбек Дыйканбаев, президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин бөгөт чарасы келерки жылдын 24-январына чейин деп аныкталды. Бул тууралуу 27-ноябрда «Азаттыкка» Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Дыйканбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат.

Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек боюнча кармалганын атайын кызмат 24-ноябрда кабарлаган.

УКМК Дыйканбаев 2020-жылдын октябрь айындагы шайлоо учурунда «саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып коркутуп, 7 миллион сомдон ашык каражат талап кылган» деп шек саноодо. Атайын кызмат Дыйканбаев кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз алган каражатты шайлоо өнөктүгүндө көп добуш алууга колдонгонун, ага карата териштирүү Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен жүрүп жатканын билдирген.

Дыйканбаевдин өзүнөн же жактоочуларынан бул айыптоо боюнча азырынча комментарий боло элек.

Дыйканбаев 2010-жылы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына «Республика» партиясынан депутат болгон. 2018-жылдан бери президенттин парламенттеги өкүлү кызматында иштеп келаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG