Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:09

Конституциялык кеңешме «ар-намыска шек келтирүү мыйзам менен куугунтукталат» деген норманы четке какты


Кыргызстандын Конституциясы.

Конституциянын жаңы долбоорунда жеке укуктар жана эркиндик боюнча сунуш кылынган норма четке кагылды. Бул тууралуу 27-ноябрда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулаш үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Нурлан Шерипов билдирди.

Анын айтымында, маалымат таратуу жана сөз эркиндигине залака тийгизиши ыктымал болгон норма кеңешмеде көпкө талкууланып, акыры бир чечим кабыл алынды.

«Биздин оюбузча, келечекте бул норма жарандардын укуктарын жана эркиндигин бузууга алып келиши ыктымал. Ар-намыска шек келтирүү үчүн адам жазык жообуна тартылбашы керек деп эсептейбиз. Мунун баары жарандык-укуктук негизде каралашы зарыл. Эгер кимдир-бирөө ар-намысына шек келтирүү же жалаа жабуу болуп жатат деп эсептесе, ал сотко кайрылышы керек», - деди ал.

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Жаңы долбоордун 27-беренесинде «адамдын ар-намысына шек келтирүү мыйзам менен куугунтукталат» деп жазылган.

Укук коргоочулар мындай норма бийликти сындагандарды куугунтукка алууга жол ачарын айтып, «бийликте жүргөн адамдарды, президентти болобу же депутаттыбы, кимиси тууралуу сын айтсак, «ар-намыска шек келтирди» деп жоопко тартып, ооз жапмай болот. Бул абдан коркунучтуу» деген кооптонуусун билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG