Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

Конституциялык кеңешме: Кыргызстандын аталышы өзгөртүлбөйт


Кыргызстандын туусу.
Кыргызстандын туусу.

Кыргыз Республикасынын азыркы расмий аталышы өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу 27-ноябрда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешменин мүчөсү, Кыргыз улуттук университетинин теория жана мамлекеттин тарыхы жана укук кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору Болот Токтобаев билдирди:

«Аталашты өзгөртүү бир да секцияда каралган жок. Кыргызстан деп, Кыргыз Республикасы деп айтып жүрөбүз – бул биздин конституциялык аталышыбыз».

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Кеңешменин айрым мүчөлөрү өлкөнүн расмий аталышын «Республика Кыргыз» же «Кыргыз Эл Республикасы» деп өзгөртүү тууралуу сунуштарды айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG