Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Помпео ооган бийлигинин жана талиптердин өкүлдөрү менен жолукту



АКШнын Мамкатчысы Майк Помпео Ооганстан өкмөтүнүн Катарга келген өкүлдөрү менен. Доха шаары. 2020-жылдын 22-ноябры.
АКШнын Мамкатчысы Майк Помпео Ооганстан өкмөтүнүн Катарга келген өкүлдөрү менен. Доха шаары. 2020-жылдын 22-ноябры.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Катарда Ооганстандын бийлигинин жана талиптердин өкүлдөрү менен жолугушуудан соң, талиптердин жетекчилигин ок атышууларды биротоло токототуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды.

Майк Помпео Катарда талиптердин кыймылынын жетекчисинин орун басары, молдо Абдул Гани Барадар жана башка талип өкүлдөрү менен жолукканда, аларды учурдагы зомбулук аракеттерди азайтуу үчүн салым кошууга чакырган. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү шардана кылды.

Помпео өзү да жолугушуудан соң 22-ноябрдагы билдирүүсүн: "Дохадан кетип бараткан чагымда, [Ооганстан] аймагына алда канча көбүрөөк коопсуздукту жана бакыбаттыкты алып келүү үчүн өз ара аракеттерибизди чыңдай беребиз деп ишенем", - деп Твиттерде жазды.

Талиптер менен Ооганстандын бийлигинин ок атышууларды токтотуу жаатындагы сүйлөшүүлөрү сентябрда башталган, бирок айрым процедуралык маселелер боюнча бул жүрүм бир жерде такалып калган.

Доха шаарында Помпео Катардын өкүмдары менен да жолуккан. АКШнын Мамкатчысы Европа менен Жакынкы Чыгыштагы 7 өлкөнү кыдырган сапарын улантууда.

XS
SM
MD
LG