Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

"Талибанды" диниятчы жетектейт


Хейбатулла Ахунзаде, cүрөт качан тартылганы белгисиз.
Хейбатулла Ахунзаде, cүрөт качан тартылганы белгисиз.

"Талибан" өзүнүн жаңы лидери деп молдо Хейбатулла Ахунзадени жарыялады. Муну менен кыймыл мурдагы жолбашчысы молдо Актар Мансур АКШнын аба соккусунан өлгөнүн төрт күндөн кийин гана моюнга алып отурат. "Талибандын" жаңы лидери ким?

"Талибандын" шаршемби күнкү расмий билдирүүсүндө көргөзүлгөндөй, шейх Хейбатулла Ахунзаде кыймылдын жолбашчылыгына “бир добуштан” дайындалды.

Мындай чечим "Талибандын" жетекчи органы – Шура кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

“Ооганстандын ичиндеги коопсуз жайда Шура кеңешинин бардык мүчөлөрү шейх Хейбатуллага баш иерин убада кылышты, эми адамдардын баары жаңы эмирди угушу керек”,- деп айтылат "Талибандын" билдирүүсүндө.

Ооганстанга такай бүлгүн салып келген кыймылдын жаңы лидери тарых-таржымалы боюнча ким? Биз бул суроону “Азаттыктын” ооган кызматынын журналисти Кадир Кабибге жолдодук:

- Молдо Ахунзаде Хейбатулла буга чейин молдо Актар Мансурдун биринчи орун басары болгон. "Талибан" режими учурунда Кандагар провинциясындагы аскерий соттун башчылык кызматын аркалаган. "Талибан" бийликте турганда алардын колуна түшкөндөрдүн баары дал ушул Кандагар шаарына чогултулуп, өкүм ошол жерден чыгарылчу. Хейбатулла согуштарга тикелей катышкан талаа командири эмес, диниятчы катары белгилүү. Оогандардын нурзаи деген уруусунан болот. Молдо Актар Мансур аны биринчи орун басарлыкка мына ушул уруунун колдоосуна ээ болуу үчүн алганы айтылган. "Талибандын" жаңы лидери деле Пакистан аймагында жүргөндөй. Анткени, Ахунзаде Хейбатулла да талиптердин Кветта Шура кеңеши деген башкаруу органынын мүчөсү. Кветта болсо Пакистандын Белужистан провинциясынын борбору.

"Талибандын" билдирүүсүндө жаңы лидердин орун басарлары болуп, кыймылдын эң согушчан канаты – Хаккани тобунун башчысы Сиражжуддин Хаккани жана кыймылдын негиздөөчүсү, былтыр гана өлгөнү ачыкка чыккан молдо Омордун уулу, молдо Мухаммед Якуб дайындалган.

Былтыр июлда "Талибандын" жолбашчылыгына келген Актар Мансур өткөн ишемби күнү, 21-майда Пакистандын Белужистан провинциясынын аймагында жок кылынган эле.

Мансур бара жаткан унаага Кошмо Штаттардын учкучсуз башкаруудагы учагы-дрондон сокку урулган.

АКШ жана ооган бийликтери Актар Мансурдун өлтүрүлүшүнө байланышкан билдирүүлөрүндө ал тынчтык жараянга катышууга караманча каршы болуп келгенин белгилешкен.

Пакистан тарап болсо АКШ талип лидерине каршы аларды аймагында жасаган аба соккуну өлкөнүн суверенитетин бузгандык катары айыптап, нааразылык билдирген.

Пакистан тараптын нааразылыгын комментарийлеп жатып, АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер 23-май күнү Вашингтондогу басма сөз жыйынында буларга токтолду:

- Бул аба соккусу Пакистан-Ооганстан чек ара районунда конкреттүү адамга, Мансурга каршы багытталды. Биз албетте, Пакистандын аймактык бүтүндүгүн урматтайбыз. Бирок биз мурда эле айтып келгенибиздей, Америка күчтөрүнө каршы кол салууларды көздөп, пландап, башкарып жаткан террорчуларды жок кылуу боюнча соккуларды жасай беребиз. Дрондон жасалган бул аба сокку биздин адамдарды, ооган калкын бутага алгандар башпаанек таба албасын, талиптер үчүн жалгыз гана жол бардыгын, жаңжалдын тынч жөнгө салууга жетишүү экенин ачык ишара кылып турат.

Тынчтык жана жолбашчылык боюнча ажырым

Тынчтык жараян демекчи "Талибан" тарап буга даярдыгын азырынча ишара кыла элек.

Кабулдун четинде, жанкечти жардыруу жасаган жер. 25-май, 2016-жыл.
Кабулдун четинде, жанкечти жардыруу жасаган жер. 25-май, 2016-жыл.

Тескерсинче, жаңы лидеринин дайындалышына тушташ Кабулдун жанындагы шаршемби күнкү теракт үчүн жоопкерчилик алды.

Ооган борборунун батыш тарабында жанкечти сот кызматкерлери түшкөн автобусту бутага алуудан кеминде 11 адамдын өмүрү кыйылды.

Бул терактын артынан "Талибандын" жаңы лидериники делген аудио билдирүү да таратылды. Анда өзүн Хейбатулла Ахунзаде деп атаган адам алар “эч кандай тынчтык сүйлөшүүлөрүнө барбай турганын” билдирип жатат.

Бирок "Талибандын" басма сөз катчысы Забинулла Мужахид жаңы лидер эч кандай билдирүү жасабагандыгын айтууда. Хейбатулла Ахунзадени да жолбашчы катары талиптердин баары бирдей кабыл албагандай.

Мисалы "Талибандан" бөлүнүп кеткендердин бири - молдо Мохаммед Расулдун тобу Ахунзадени лидер катары тааныбай турганын билдирүүдө.

Маалыматтарга караганда, молдо Расулдун тобу өлтүрүлгөн жолбашчы Актар Мансурдун адамдары менен Ооганстандын түштүгүндөгү наркожолдорду көзөмөлдөө үчүн ич ара согушуп келген.

"Талибан" Кабулдагы бийликтен 2001-жылдын соңунда АКШ баштаган анти-террордук операциянын аркасында бийликтен кулатылган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG