Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Орусия менен "Талибандын" мамилеси куралга такалды


АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттистин Ооганстанга сапары маалында америкалык жогорку даражалуу армиянын генералдарынын бири Орусия "Талибанды" куралдандырып жатканына тынчсыздануусун билдирди.

24-апрелде Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн командири генерал Жон Николсон Пентагондун башчысы менен бирге өткөргөн маалымат жыйында ооган жеринде кырдаалды жөндөөдө Орусиянын аралашканы Москва "Талибанга" курал-жарак берет дегенди кошо туюнтат деп, бирок сөзүн түшүндүргөн жок.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Вашингтондун Москва талиптерге курал-жарак жеткирүүдө деген билдирүүсүн негизсиз, Ооганстандагы америкалык контингенттин жетекчисинин сөзүн тастыктаган бир дагы факт жок дегенин РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

24-апрелде Кабулда АКШ армиясынын расмийлеринин бири журналисттерге Орусия талип согушкерлерине пулеметторду жана башка орто салмактагы курал-жабдык бергенин айтты. Чалгын маалыматтарына таянып, эми "Талибандын" согушкерлери түштүктөгү Гилменд, Кандагар жана Урузган провинцияларында Орусиядан ташылган курал-жаракты колдонуп жатканын дагы кошумчалады.

Орусия болсо "Талибанга" колдоо көрсөтүп жатканын мойнуна албайт. Москва талиптер менен коопсуздукту камсыздоо жана исламчыл экстремисттерди ооган өкмөтү менен элдештирүү максатында гана байланыш бардыгын билдирет. Орусия ошондой эле Кабул өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо аракеттерине кызыкдар талип лидерлерин глобалдык санкциялардан бошотууну сунуштайт.

Журналисттердин Орусиянын Ооганстандагы ишмердиги боюнча суроолоруна жооп берип жатып, генерал Мэттис орусиялык курал-жабдыктын талиптердин колуна тийип жатканы тууралуу маалымат АКШнын тынчсыздануусун жаратканын айтты. Аны менен катар эле Вашингтон мүмкүн болгон жерде “Орусия менен дипломатияны өнүктүрөрүн” белгиледи:

- Биз мүмкүн болгон жерде бардыгын жасайбыз. Бирок эл аралык укукту бузуп, башка өлкөлөрдүн эгемендигин тааныгысы келбесе, анда Орусияга каршы турууга келет. Башка өлкөдөн кандай гана курал-жабдык бул жакка жиберилбесин – эгер ал ооган өкмөтү аркылуу ооган армиясына берилбесе - бул эл аралык укукту бузуу болуп саналат.

Ал ортодо генерал Жон Николсон Кабулда туруп ​"Биз Орусиянын [Талибанга] көмөгү уланып жатканы тууралуу маалыматтарды алуудабыз. Министр айткандай элдешүү жараянында бизге көмөктөшүп жаткандардын баарын колдойбуз. Бирок согушуп жаткан тараптарды куралдандыруу же эки күн мурун Мазари-Шарифтегидей кол салгандарды шыкактоо – тынчтыкка жетүүнүн оң жолу эмес” - деген генерал мындай ойго кол салуунун өркүндөтүлгөн планын карап чыккандан кийин келгенин айтты.

21-апрелде Мазари-Шарифте колгон кандуу булоонду "Талибан" кыймылы мойнуна алган. Ооган армиясынын формасын кийген согушкерлер аскерий базага кирип барып жума намаздан кайтып келаткан аскерлерге ок жаадырышкан. Чабуулда 140 киши набыт кеткен.

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис Ооганстанга 24-апрелде күтүүсүз сапар менен барды. Ошол күнү ооган президенти Ашраф Гани өлкөнүн аскерий жетекчилерин кызматтан алган.

Ушул тапта АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Ооганстан боюнча өз стратегиясын иштеп жатат. Бул тууралуу өткөн аптада Кабулга келгенде Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG