Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:35

Ооганстанда талиптердин чабуулунан 50дөн ашуун киши өлдү


Ооганстандын Балх провинциясындагы ооган армиясынын базасына жасалган талиптердин чабуулунан жантаслим болгондордун саны 50гө жетти, 70тен ашууну жарадар болду. Бул тууралуу Ооганстандагы АКШ күчтөрүнүн өкүлү жана ооган расмийлери маалымдашты.

Ооган армиясынын өкүлү Насратулла Жамшиди билдиргендей, провинциянын борбору Мазари Шариф шаарындагы мечиттин жанында жайгашкан базага чабуул аскерлер жума намаздан чыгып баратканда жасалган. Армиянын формасын кийген адамдар базага эки аскерий унаа менен киришкен. Балх провинциясынын жергиликтүү кеңешинин мүчөсү Забихулла Какар жалпысынан он согушкер кол салганын, алардын экөө жанкечти болгонун, ал эми сегизи ооган коопсуздук күчтөрү менен атышууда жок кылынганын кабарларды.

Талибан кыймылы чабуул үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алды. Ал эми кыймылдын өкүлү Забихулла Муджахид кол салууда 100дөй ооган жоокери жок кылынганын маалымдады.

Балх Ооганстандын башка аймактарына салыштырмалуу тынч провинция катары саналчу.

Соңку айларда бул коопсуздук күчтөрүнө каршы уюштурулган экинчи чабуул. Өткөн айдын башында «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкерлери баш калаа Кабулдагы аскерий госпиталга кол салган. Анда 49 адам мерт болуп, жарадарлардын саны 70тен ашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG