Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Кабул талибдер менен сүйлөшүүнүн жолун тактады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылы өз ара тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жол-жобосу тууралуу мунасага келди.

Дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу боюнча эки тараптын бетме-бет жолугушуусу Катардын Доха шаарында ушул жылдын сентябрь айында эле башталган. Бирок анын шартынан улам талаш-тартыш чыгып, андан ары илгерилебей калган.

Тараптар орток пикир тапканын Катарда талибдер менен сүйлөшүүгө катышкан ооган өкмөтүнүн өкүлү Надер Надери «Твиттердеги» баракчасына жарыялады.

Анда «учурдагы сүйлөшүүлөр оогандар бекем тынчтыкты орнотууга даяр экенин көрсөтөт жана эки тарап тең Ооганстанга бейпилдик орнотууга чын пейилден аракет кылып жатканын ырастайт» деп жазды.

«Талибандын» өкүлү да «Твиттерге» ушундай эле мазмундагы билдирүү калтырды.

Эки тарап биргелешип жарыялаган билдирүүдө «тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибиндеги темалардын долбоорун даярдаш үчүн биргелешкен комитетке тапшырма берилди» деп айтылат.

Катарда тараптар согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү баштаганы менен Ооганстанда куралдуу кагылыш, кол салуу, чабуул тыйыла элек.

Ооган президенти Ашраф Ганинин басма сөз катчысы Седик Седики ага шилтеме кылып, тараптардын макулдашуусун «ооган эли тилек кылган, атышууну токтотуу сыяктуу негизги маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышындагы алдыга карай кадам» деп мүнөздөдү.

Бул сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылып жаткан Кошмо Штаттар менен Катар макулдашууну кубаттады. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео эки тарапты тең «орток пикир табууга жигердүүлүгүн көрсөтүп жатканы үчүн» куттуктады. Ал тараткан билдирүүдө Вашингтон мындан ары да «атышууну жана зордук-зомбулукту токтотуу боюнча эки тарап менен тең туруктуу иш алып барууну улантат» деп айтылат.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад «Твиттерге» эки тараптын мунасага келгени «сүйлөшүүнүн катышуучулары эң оор маселелер боюнча орток пикир таба аларын далилдейт» деп жазды.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бул альянстын Ооганстандагы келечеги бүдөмүк болуп турган чакта Кабул менен «Талибандын» тил табыша баштаганы маанилүү экенин белгиледи:

«Бүгүнкү макулдашууну силер чоң кадам болдубу же кичинекейби деп талкуулашыңар мүмкүн. Бирок бул эң биринчи кадам болгону менен маанилүү. Чынында «Талибан» менен ооган өкмөтү Ооганстанга тынчтык орнотууга багытталган сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосун тактаган документке биринчи жолу кол коюшу мүмкүн».

Мунун алдында НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери альянстын Ооганстандагы мындан аркы ролун талкуулашкан. Бир катар талдоочулар бул өлкөдө америкалык аскерлер азайса, альянска ооган жергесиндеги миссиясын улантуу кыйын болорун айтышууда.

Ошондой эле Ооганстан эл аралык террордук уюмдар кайра баш көтөргөн, баш калкалаган жерге айланышы ыктымал деген кооптонуу бар. Ушул тушта Ооганстанда НАТОнун 11 миңдей аскери жайгашкан.

АКШ менен «Талибан» быйыл февраль айында тынчтык келишимине кол койгон. Документте Кабул менен талибдер туткун алмашып бүткөндөн кийин оогандардын өз ара ички диалогу башталары жазылган. Бул жараян туткун алмашуу маселесинен улам кыйла кечеңдеп атып, сүйлөшүүлөр сентябрда башталган.

Өткөн айда Кошмо Штаттардын мөөнөтү аяктап бараткан президенти Дональд Трамп келерки жылдын 15-январына чейин Ооганстандан эки миң аскерди алып кетерин билдирген.

Бул мамлекеттеги тынчтык жараянынын андан аркы өнүгүшү жана америкалык аскерлердин чыгарылышына байланышкан маселелердин чечилиши АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден ант берип, кызматка расмий киришкенден кийин белгилүү болмокчу.

XS
SM
MD
LG