Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

НАТО Ооганстандагы миссиянын келечегин талкуулап жатат


НАТОнун аскерлери. кабул, 25-март 2020-жыл
НАТОнун аскерлери. кабул, 25-март 2020-жыл

НАТОнун тышкы иштер министрлери альянстын Ооганстандагы мындан аркы ролун талкуулап жатышат. Айрым талдоочулар АКШ өз контингентинин ири бөлүгүн чыгарса, альянска ооган жергесиндеги миссиясын улантуу кыйын болорун айтышат.

Онлайн жыйындын алдына НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянс “кыйын тандоого” туш болуп жатканын билдирди. Эл аралык контингент Ооганстандан чыгарылса, өлкө эл аралык террордук уюмдар башпааналаган жерге айланышы ыктымал, ал эми кала берсе, миссиянын мөөнөтү узарып кетет жана зомбулук кайрадан күчөшү мүмкүн.

17 жыл мурун Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоодо лидерликти өзүнө алган блоктун ушу тапта 11 миңдей аскери ал өлкөдө кызмат өтөөдө.

НАТОнун аскерлери. Кабул, 2020-жыл
НАТОнун аскерлери. Кабул, 2020-жыл

Европалык жана НАТОнун өнөктөш мамлекеттеринин аскерлери ооган коопсуздук күчтөрүн машыктыруу жана кеңеш берүү вазийпасын аткарып келатышат. Аларга америкалык контингент абадан колдоо, транспорт, логистика жагынан көмөктөшөт. Бирок эмки жылдын 15-январына чейин АКШ 2 миң жоокерин чыгарып, 2 жарым миң кишини гана калтырмакчы.

Столтенбергдин айтымында, азырынча НАТОнун машыктыруу миссиясы уланууда, бирок алдыдагы айларда жериндеги абалга жараша мындан аркы кадамдарды баалап чыгуу зарыл.

Вашингтон менен “Талибан” кыймылы ортосунда жетишилген келишимге ылайык, кырдаал жол берсе, бардык чет өлкөлүк аскерлер 2021-жылдын 1-майына чейин Ооганстандан чыгарылууга тийиш.

Расмий Кабулдун өкүлдөрү америкалык аскерлер тез чыгарылып кетсе, “Талибандын” ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдөгү позициялары бекемедейт деп чочулашат. Тынчтык диалогу сентябрда Катардын башкалаасы Доха шаарында башталган.

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас. Берлин, 1-декабрь 2020-жыл
Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас. Берлин, 1-декабрь 2020-жыл

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас жыйын алдында немис телеканалдардын бирине билдиргендей, аскерлерди эрте чыгаруу менен Ооганстандагы тынчтык процессине залака келтирбөө, “Талибанга” жаңылыш ишарат бербей туруу зарыл:

"Биз ушул себептен Вашингтондун акыркы апталардагы билдирүүлөрүнө этият мамиле кылып келдик. Себеби ал билдирүүлөр талибдерде кандай реакция жаратарын билбейбиз. Тынтчык процессин коопсуздук саясатынан алып караганда да коргоо абдан маанилүү. Андыктан Ооганстанда чет өлкөлүк контингент азырынча кала бериши керек. Экинчи жагынан ооба, контингенттин мандаты аяктоого тийиш, ошон үчүн биз тынчтык сүйлөшүлөрүнүн ийгиликтүү аякташына кызыкдарбыз".

Альянстын коргоо министрлери миссиянын келечеги тууралуу чечимди эмки февралда кабыл алмакчы. Ага чейин АКШда шайланган президент Жо Байден кызматка киришет.

Сентябрда тынчтык диалогу башталгандан бери Ооганстанда зордук-зомбулук да көбөйдү. Айрым эксперттер НАТОнун европалык мүчөлөрүнө АКШнын көмөгүсүз кыйын болорун боолголошот жана Кабул, башка чоң шаарларда миссиясын аткарууну улантуу оор болорун айтышат.

НАТОнун бул жыйынында Орусиянын блоктун мүчөлөрү менен чектешкен аймактарда аскердик машыгуу өткөрүп жатышы да талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG