Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

ЮНИСЕФ менен ооган талибдери жамааттарда балдарга таалим берүү жаатында макулдашты


Ооганстандагы студент кыздар. Герат шаары. 2020-жылдын 23-августу.
Ооганстандагы студент кыздар. Герат шаары. 2020-жылдын 23-августу.

ЮНИСЕФ Ооганстандагы талибдер менен алар көзөмөлдөгөн аймактарда балдарга сабак берүүнү тиешелүү жамааттарда кеңейтүү тууралуу макулдашууга жетишти. Ошентип, 100 миңден ашуун балдар жана кыздар билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу.

ЮНИСЕФтин басма сөз катчысы Сэм Морт “Азаттыктын” Ооган кызматындагы маегинде эмитеден эле 680дей класстар агартуу ишин алып барып жатканын белгиледи. Эми мындай класстарды 4000ге жеткирүү максаты коюлууда.

Морт айымдын айтымында, бул класстарда 25тен 35ке чейинки сандагы окуучулар камтылган. Алыскы элет айылдарында мектеп болбосо, кайсы бир кишинин үйүндө сабак өткөрүлүп жатат. Окуучулар жалпы улуттук программага ылайык сабак алышат.

100 миңден 140 миңге чейинки сандагы окуучуларды мектептерге камтуу – жакынкы мүдөө экендигин Морт айым баса белгиледи.

Ачык асман алдындагы мектепте окуган кыздар. Жалалабад шаары. Ооганстан. 2012-жылдын 11-сентябры.
Ачык асман алдындагы мектепте окуган кыздар. Жалалабад шаары. Ооганстан. 2012-жылдын 11-сентябры.

Оболу балдарга таалим берүү маселеси жергииктүү чөйрөлөрдө талкууланган. Кийинчерээк бул маселе Доха шаарындагы Ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен талибдердин өкүлдөрүнүн жогорку деңгээлдеги тынчтык сүйлөшүүлөрүндө козголо баштаган, деди Морт айым.

Буга чейин талибдердин эскичил көз караштагы топтору мектептерге кол салып, мугалимдерди жана окуучу кыздарды өлтүрүп кеткен учурлары да болуп келген. (TT)

XS
SM
MD
LG