Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:58

Садыр Жапаров Өкмөт Үйүндө отуруп иштейт


Садыр Жапаров, шайланган президент.
Садыр Жапаров, шайланган президент.

Кыргызстанда шайланган президент Садыр Жапаровдун иш бөлмөсү Өкмөт Үйүндө даярдалды.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев билдиргендей, бүгүн, 28-январда инаугурациядан кийин президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов Жапаровду иш бөлмөсү менен тааныштырат.

«Филармониядагы салтанат бүткөндөн кийин шайланган президент Өкмөт Үйүндөгү өзүнүн иш бөлмөсү менен таанышат. Ал да түз эфирде көрсөтүлөт», - деди ал.

Президенттик аппараттын өкүлдөрү да шайланган президенттин иш бөлмөсү Өкмөт Үйүндө боло турганын ырасташты. Мурдагы президенттер азыр Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратта иштеп келген.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган инаугурацияга катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилери болуп жалпысынан миңден ашуун киши чакырылган.

Алардын баарына коронавируска ПЧР анализ тапшыруу тууралуу талап коюлган.

Алгач Садыр Жапаровдун ант берүү аземине 10 млн. сом жумшалары айтылып, инаугурацияга даярдык көрүлө баштаган. Өткөн аптадагы алгачкы камылга учурунда президенттик кортеж үчүн башкы көчөлөр жарым сааттан ашык жабылган. Бул аракет машине тыгындарын пайда кылып, коомчулуктун сынына кабылгандан кийин шайланган президент Садыр Жапаров шаан-шөкөттөн, банкеттен, ашыкча чыгымдан баш тартарын жарыя кылган. Кортеж үчүн жолдор жабылбай турганын, инаугурация жупуну өтөрүн билдирген. Ант берүү аземин уюштуруу тобу 10 миллион сомдун жарымынан көп бөлүгү кыскартыларын маалымдаган.

Бирок 27-январда Ички иштер министрлиги атайын кортеж болорун жана өтүп бараткан убакта жолдор бир нече секундага жабыларын кабарлады.

Инаугурацияга бир күн калганда Конституциялык кеңешме президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырды.

Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы жапырт тополоңго айланганда 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду тарапкерлери аны түрмөдөн чыгарган. 10-январдагы шайлоодо Жапаров шайлоого катышкандардын 80% жакын добушун алып, президенттикке шайланды. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты. (NT)

XS
SM
MD
LG