Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Рамис Рыскуловдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат


Акын Рамис Рыскулов. Архивдик сүрөт.
Акын Рамис Рыскулов. Архивдик сүрөт.

Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 28-январда болот.

Акын акыркы жайга саат 14:00дө Бишкектин Герцен көчөсүндөгү үйүнөн узатылат.

Кыргызстандын Жазуучулар бирикмеси маалымдагандай, Рыскуловдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 26-январда 87 жашында дүйнөдөн кайткан. Көптөн бери ооруп жүргөн акын акыркы күндөрдө Бишкектеги онкологиялык ооруканада дарыланып жаткан.

Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган.

1951-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1959-жылы Москвадагы Борбордук жогорку комсомолдук мектепти жана Бүткүл союздук Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштап, кийин «Ленинчил жаш» гезитинде, «Ала-Тоо» журналында эмгектенген.

Өмүрүнүн көп учурун чыгармачылыкка жумшаган. Акындын туңгуч ырлар жыйнагы 1959-жылы «Жаз» деген ат менен басылып чыккан. Ал «Поклон земле», «Даңкан», «Шаттуу ырлар», «Дилбар», «Күлкү чачам», «Жаштык шаары», «Эки жөжө», «Ырлар», «Ай бөбөк», «Ыр нөшөрү» өңдүү орус жана кыргыз тилдеринде чыккан ыр китептеринин, чыгармалар жыйнактарынын автору болгон.

Рамис Рыскулов кыргыз адабиятында жаңычыл акын катары таанымал. Поэзияга биринчилерден болуп эркин ыр формасын киргизген.

Ал чет элдик акындар Пушкиндин, Некрасовдун, Михалковдун, Есениндин, Маяковскийдин, Вознесенскийдин жана Алимжановдун ырларын кыргызчага которгон.

Рыскулов сүрөтчүлүк өнөр менен да алектенип келген. 1987-жылы ал тарткан «Иисустун өнүгүшү» жана «Жылмаюу» деген сүрөттөрү Москвада өткөн элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүндө диплом алган. Париждеги СССР элдеринин элдик кол өнөрчүлөрүнүн II фестивалында жеңүүчү болгон.

Былтыр Улуттук китепканада Рыскуловдун туулган күнүнүн урматына «Ыр жыттанган Эл акыны» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулган.

Рамис Рыскулов Кыргыз эл акыны, «Алыкул Осмонов атындагы» адабий сыйлыктын лауреаты болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG