Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Якутияда бакшы Александр Габышев камалды


Бакшы Александр Габышев.
Бакшы Александр Габышев.

Якутияда полиция кызматкерлери ОМОН күчтөрү менен биргели бакшыАлександр Габышевди кармап, психоневрологиялык диспансерге жеткиришти. Бул тууралуу «Азаттыктын» «Сибирь. Реалии» кызматына укук коргоочу Алексей Прянишников билдирди.

Маалыматтарга караганда бакшыны анын туугандарынын үйүнөн кармашкан.

Кийинки убакта коопсуздук күчтөрү Габышевдин артынан аңдып жүрүшкөн. Ушул айдын башында ал мурда үзгүлтүккө учураган Кремлге болгон жөө жүрүшүн улантарын билдирген.

Габышев 2019-жылдын март айында «Путинди дубанын күчү менен тактан түшүрүш үчүн» Москваны көздөй жөө жүрүш баштаган. Аны бир нече айдан кийин камап, психоневрологиялык диспансерге камап, экстремизмге чакырды деген кине менен кылмыш ишин козгошкон. Тергөөнүн талабы менен жасалган психиатриялык экспертиза анда мандем бар экенин көрсөткөн. Бакшы менен кошо анын тарапташтары да куугунтукка алынган.

«Amnesty International» шаман Габышевди абийир туткуну катары таанып, анын бошотулушун талап кылган.

XS
SM
MD
LG