Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Алтынчы президенттин инаугурациясы

Бүгүн Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берди.

Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы жапырт тополоңго айланып, эл күч менен бийликти алмаштырган. Анда 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду тарапкерлери абактан чыгарган.

10-январда өткөн шайлоодо Жапаров шайлоого катышкандардын 80% чукулунун добушун алып, президенттикке шайланган. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышканын кабарлаган.

17:09 28.1.2021

Казакстандын Алматы шаарында коронавирус инфекциясы тараганына байланыштуу чектөөлөр күчөтүлөт. Мындай чараларды камтыган токтомго шаардын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин кол койду. Ага ылайык, 1-февралдан тартып шаардагы театрлар жана кинотеатрлар жабылат.

Буга чейин аталган объекттер 2020-жылдын октябрынан баштап айрым чектөөлөр менен ишин жанданткан.

Ошондой эле соода-көңүл ачуу борборлор саат 10дон кечки 20га чейин ачык болот. Ал эми дем алыш күндөрү таптакыр ачылбайт. Азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн жана дарыканалардын ишине чектөө жок, бирок имараттын ичинде чектелүү санда гана адамдар болушу керек.

Мындан сырткары той-топурларды, спорттук иш-чараларды, көргөзмөлөрдү, форумдарды өткөрүүгө тыюу салынат.

Казакстанда былтыртан бери 182 миңден ашык адам коронавирусту жугузса, 2521 адам илдет кесепетинен улам каза болду. Мындан сырткары өпкө кагынынан 564 адам дүйнө салганы өз алдынча эсептелген.

14:20 28.1.2021

Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр ант берген Садыр Жапаровго ыр аркылуу кайрылуу жасады.

13:23 28.1.2021

Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишелдин куттуктоосун Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан инаугурацияда окуп берди.

"Кыргызстан менен мамилени чыңдап, силердин өлкөнү эл аралык аренадагы ишенимдүү өнөктөш катары кабылдайбыз. Европа Биримдиги өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жаатында сизди зарыл болгон реформаларды ишке ашыруучу катары көрөт. Биз сиздин президент катары, өлкөнү модернизациялоону дымактуу ишке ашырууңузга ишенүү менен, аймактык, глобалдык деңгээлде тынчтык үчүн кызматташууга барарыңызга үмүт артабыз. Мыйзамдуулуктун сакталышы, мамлекеттик башкаруунун сапатын арттыруу менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшөсүз. Айрыкча глобалдык пандемиядан улам келип чыккан оор кырдаалда Евробиримдик менен Кыргызстандын тыгыз байланышы болоруна ишенебиз. Европа Биримдиги өлкөдө ачык өкмөт, басма сөз эркиндиги болуусун ар тараптан колдойт", - деп жазылган кайрылууда.

Петер Буриан Бишкекке 27-январда Садыр Жапаровдун инаугурациясына катышуу үчүн келген.

13:17 28.1.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG