Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Бишкекте Садыр Жапаровдун инаугурациясы башталганы жатат


Улуттук филармония. 2021-жылдын 28-январы.
Улуттук филармония. 2021-жылдын 28-январы.

Бишкекте Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун кызматка расмий түрдө киришүү аземи башталганы жатат. Миңден ашуун конок чакырылган иш-чара Улуттук филармониянын чоң залында өтөт.

Инаугурация Улуттук филармонияда өткөнү жатат.
Инаугурация Улуттук филармонияда өткөнү жатат.

Президенттин аппараты буга чейин инаугурацияга мыйзам чыгаруу, сот, аткаруу бийликтеринин өкүлдөрү, экс-президенттер жана чет өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери чакырылганын маалымдаган.

«Азаттыктын» кабарчылары жеринен маалымдагандай, Филармониянын тегерегин милиция кызматкерлери курчап турушат.

Инаугурация Улуттук филармонияда өткөнү жатат.
Инаугурация Улуттук филармонияда өткөнү жатат.

Инаугурациянын жүрүшү Коомдук телерадиокорпорация, республикалык телеканалдар жана Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы атайын монитор аркылуу түз көрсөтүлөт. Аземди түз алып көрсөтүү 10.45те башталат.

Ала-Тоо аянты.
Ала-Тоо аянты.

Бул күнү Бишкек милициясы коомдук коопсуздукту камсыз кылыш үчүн күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Жалпысынан 2,5 миңден ашык милиция кызматкери тартылары айтылган.

Кыргызстанда 2020-жылдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик чукул алмашкан. 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Шайлоого келген элдин 79,20% Садыр Жапаровго добуш берген. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты. RK/BTo/GT

XS
SM
MD
LG