Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:16

«Азаттык» инаугурацияны чагылдыруу учурундагы мүчүлүштүк үчүн кечирим сурайт


Президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи. 28-январь, 2021-жыл.

«Азаттык» радиосу президенттин инаугурациясын түз эфирде чагылдыруу маалында кеткен техникалык мүчүлүштүк үчүн кечирим сурайт. Мындай мүчүлүштүккө эфирди компьютер аркылуу социалдык платформаларга чыгарган техникалык кызматкердин катачылыгы, тактап айтканда берүү кетип жатканда кызматкердин башка интернет-баракчаларын байкабастан ачып жибергени себеп болду. Бул катачылык үчүн эки кызматкерге сөгүш берилди.

«Азаттык» радиосу Кыргызстандын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «YouTube» порталындагы түз эфирди алып көрсөтүп жаткан. Бул ирет ант берүү аземин түз чагылдыруу укугу Коомдук телеканалга берилген.

Бүгүн президент Садыр Жапаров ант берип, президенттик кызматка расмий киришти.

XS
SM
MD
LG