Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

Бишкек 28-январда дүйнөдөгү абасы эң кир шаар бойдон калууда


Бишкектин борбордук бөлүгү.
Бишкектин борбордук бөлүгү.

«World Air Quality» индекси боюнча 28-январда Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы эң булганыч калаалардын сап башында турат.

Абадагы уулуу заттардын өлчөмү 531 микробөлүк болууда.

Бишкектен кийинки орунда Ооганстандын баш калаасы Кабул, андан соң Пакистандын Карачи шаарынын абасы өтө булганыч.

Абадагы РМ микробөлүктөр 50дөн ашса булганыч деп саналып, 150дөн ашканда адамдын саламаттыгына кооптуу болот.

Адистер 200дөн ашкандан кийин сыртта беткап кийип жүрүүнү сунуш кылышууда.

Мындай булганыч аба дем алуу, жүрөк кан тамыр илдеттери менен ооруган адамдар үчүн кооптуу.

Бишкек ноябрдан бери «World Air Quality» индексиндеги биринчи саптан түшпөй келатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG