Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Садыр Жапаров: Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт


Садыр Жапаровдун инаугурациясы.
Садыр Жапаровдун инаугурациясы.

Президент Садыр Жапаров мамлекет башчы катары алдына койгон негизги иш максаттарын айтты. Бүгүн, 28-январда кызматка расмий киришүү салтанатында сүйлөгөн алгачкы сөзүндө 2020-жылдын октябрындагы саясий окуяларга токтолуп, элдин андагы үмүтүн актоого аракет кыларын белгиледи:

«Чыдамдуулуктун да чеги бар. Андыктан 5-октябрь күнү калың журттун парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу, бийликти биротоло кетирүү тууралуу талапка өсүп жетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу. Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт, калайык-калктын аруу мүдөөсү узурпация болбойт. Эл-журтумдун ошондогу талабын жүзөгө ашырууну көздөө менин президенттик мөөнөтүмдүн негизги максаты болмокчу. Демек, күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумуш орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыз кылуу, миңдеген мигрант мекендештеримди кайтарып келүү президент катары милдетим деп эсептеймин».

10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Шайлоого келген элдин 79,20% Садыр Жапаровго добуш берген. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты.

Жапаровдун иш бөлмөсү Өкмөт Үйүндө болот. Мурдагы президенттер учурда Жогорку Кеңеш жайгашып турган имаратта иштеп келген. (RK)

XS
SM
MD
LG