Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:13

«Transparency International» уюмунун жемкорлук боюнча тизмесинде Кыргызстан 124-орунду ээледи


Дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин изилдеген «Transparency International» эл аралык уюму жарыялаган жаңы баяндамага ылайык, Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээледи. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 31 балл алып, Кения, Мексика жана Пакистан менен бирдей орунга коюлду.

100 баллдын ичинен эң жогорку көрсөткүчкө ээ болуп, 88 балл алган өлкөлөр – Дания жана Жаңы Зеландия. 85 баллдан Финляндия, Сингапур, Швеция жана Швейцария өлкөлөрү алышты.

Ал эми эң аз (12) балл алып, абдан коррупциялашкан өлкө аталгандар – Түштүк Судан жана Сомали.

Коңшу республикалардан Казакстан 34 балл алып, 113-орундан 94-орунга көтөрүлдү. Өзбекстан да позициясын жакшыртып, 26 балл, ал эми Тажикстан былтыркыдай эле 25 балл алды.

Кыргызстандын көрсөткүчү 2015-2020-жылдар аралыгында 28ден 31 баллга жогорулады.

«Transparency International» уюму жемкорлукту азайтуу боюнча сунуштарын берди. Уюм биринчи кезекте бийликти бөлүштүрүү системасын бекемдөөгө, бюджетти бөлүштүрүүдө жеке байланыштарга жол бербөөгө чакырды. Ошондой эле саясий партиялардын каржыланышын көзөмөлдөөгө, шайлоо процессинин тазалыгын камсыз кылууга жана жарандарга, активисттерге, журналисттерге көбүрөөк эркиндик берүүгө кеңеш берди.

Уюмдун коррупция боюнча индекси 1995-жылдан бери эксперттерди, ишкерлерди, өкмөттүк эмес уюмдарды сурамжылоо аркылуу түзүлүп келет. Кайсы өлкөнүн баллы көп болсо, ал жерде жемкорлук аз деп эсептелет. (RK)

XS
SM
MD
LG