Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

Кыргызстандын виртуалдык туристтик картасы чыкты


Виртуалдык карта.
Виртуалдык карта.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстандын туристтик үч өлчөмдүү, виртуалдык картасын чыгарды.

Онлайн картадан өлкөнүн баш калаасын жана аймактарындагы туристтик жерлерди, орчундуу объектилерди үч өлчөмдө көрсө болот.

http://map.tourism.gov.kg/ долбоорун Жапониянын Өнүктүрүү агенттиги (JICA), Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) баштаган бир нече эл аралык уюмдар каржылады.

Картадагы үч өлчөмдүү сүрөттөр жай айларында тартылган, аларды коштогон тексттерди орус, кыргыз, англис тилинде көрсө болот.

Ар бир аймактагы тарыхый, туристтик жайлар кооз сүрөттөр менен чагылдырылган. Вирутаулдык картанын расмий бет ачары февраль айына пландалууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG