Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Садыр Жапаров: Кыргызстандын тышкы саясаты көп векторлуу болот


Садыр Жапаров ант берүү учурунда.
Садыр Жапаров ант берүү учурунда.

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ант берүү иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө президент Садыр Жапаров Орусияны, Казакстанды, Өзбекстанды тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи:

«Өлкөбүздүн экономикалык өсүшү, маданий кайра жаралуусу, туруктуулук алыскы жана жакынкы коңшуларыбыз менен ынтымакта болгондо гана ишке ашат. Кыргызстандагы саясий окуяларга байкоо салып, олку-солку болгон кырдаалда, оор учурда бир туугандык колун сунган өлкөлөргө, ириде Орусияга терең ыраазычылык билдиребиз. Пандемия апаатынан өздөрү жабыр тартып турушса да, кыргыз калкына ак дилинен жардам берген коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казакстандын аракетин айтпай коюга болбойт. Бул өлкөлөр менен тамырыбыз, тарыхыбыз, тагдырыбыз жалпы. Демек, стратегиялык өнөктөш бул өлкөлөр менен ар тараптуу мамилени чыңдоо - тышкы саясатыбыздын приоритети».

Ошондой эле президент тышкы саясатта Түркиянын, жакынкы коңшу Кытайдын да ролу чоң экенин баса белгилеп, тышкы саясат көп векторлуу болорун айтты. Эгемен Кыргызстан Америка, Европа өлкөлөрү, БУУ, ШКУ баштаган эл аралык уюмдары менен кеңири кызматташууга умтуларын билдирди.

Садыр Жапаров президент катары кызматка киришүү инаугурациясы 28-январда өттү.

10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Шайлоого келген элдин 79,20% Садыр Жапаровго добуш берген. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты.

Жапаровдун иш бөлмөсү Өкмөт Үйүндө болот. Мурдагы президенттер учурда Жогорку Кеңеш жайгашып турган имаратта иштеп келген. (BCh)

XS
SM
MD
LG