Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Москва облсоту Навальныйдын абактан чыгаруу боюнча өтүнүчүн четке акты


Камактагы Алексей Навальный.
Камактагы Алексей Навальный.

Москва облустук соту оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын адвокаттарынын арызын четке какты. Анда саясатчынын адвокаттары Навальныйды 30 күнгө тергөө абагына камакка алуу боюнча Химки шаардык сотунун чечими мыйзам бузуу менен кабыл алынганын билдиришкен.

Арызды караган судья бул жүйөлөрдү негизсиз деп четке какты.

Алексей Навальный 17-январда Берлинден Москвага учуп келери менен «Шереметьево» аэропортунда кармалган. Ага карата «Ив Роше» деп аталган иш боюнча шарттуу жаза камакка алууга алмаштырылары айтылып, 30 күнгө камакка алынган.

23-январда Навальныйды абактан бошотууну талап кылган акциялар Орусиянын ондогон шаарларында өтүп, анын жүрүшүндө 4000ге жакын адам кармалган.

Саясатчыны абактан бошотууну бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери, эл аралык уюмдар талап кылган.

27-январда оппозициячыл Навальныйдын жубайынын, инисинин жана ондон ашык жакын үзөңгүлөштөрүнүн, Коррупцияга каршы күрөш фондунун, «Навальный LIVE» студиясынын кеңсеси тинтүүгө алынды.

XS
SM
MD
LG