Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Жогорку сот Санжарбек Бакиевдин ишин кайра кароо тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок


Санжарбек Бакиев сот залында. Бишкек, 2-ноябрь, 2010.
Санжарбек Бакиев сот залында. Бишкек, 2-ноябрь, 2010.

Кыргызстандын Жогорку соту мурдагы президент Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Санжарбек Бакиевдин ишин кайра кароо тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу 28-январда «Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Санжарбек Бакиев ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо тууралуу өтүнүч менен кайрылган.

Мурдагы президенттин иниси Жусупбек Бакиевдин уулу Санжарбек Бакиев «2010-жылдын май айында Жалал-Абадда башаламандык уюштурган, бийлик өкүлдөрүнө карата курал колдонгон» деген айып менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийин облустук соттун бул өкүмүн Жогорку сот жокко чыгарып, аны беш жылга кескен.

2014-жылдын ноябрь айында Санжарбек Бакиев жаза мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу эркиндикке чыкканын, абак мөөнөтүн толугу бойдон өтөп бүткөнүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлаган. Ал жети айга жакын тергөө абагында кармалгандыктан анда өткөрүлгөн бир күн эки күн катары эсептелген.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарып, 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ал азыр Беларуста жашайт. (RK)

XS
SM
MD
LG