Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

Адвокат: Абылгазиевге батирлер боюнча коюлган айып алынды


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга байланыштуу шектүү катары кармалган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден Бишкектеги 100 батирге байланыштуу айып алынды.

Бул тууралуу адвокат Данияр Эркимбаев 28-январда сот Абылгазиевдин бөгөт чарасын аныктагандан кийин журналисттерге билдирди:

«26-январдагы биринчи суракта Бишкектеги «Залкар курулуш» компаниясынын 100 батири Асылбек Абылгазиевге таандык деген айыпка (мурдагы премьердин тууганы) байланыштуу суроо берилди. Ал суракта баарын түшүндүрүп бергенден кийин бир күн ичинде кошумча текшерүү жүрүп, анын натыйжасында батирлер боюнча коюлган айып алынды. Бул фактылар Абылгазиевди мыйзамсыз баюу боюнча айыптоого жетиштүү далил жок экенин көрсөттү».

Эркимбаев мурдагы премьердин бөгөт чарасы боюнча сот чечимине каршы жогорку инстанцияга даттана турганын кошумчалады.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 28-январдагы чечими менен Абылгазиев 26-мартка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.

УКМК аны өкмөт башчы болуп турганда «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго мыйзам бузуп кол койгон деген шек менен 26-январда кармаган.

Атайын кызмат Абылгазиев «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде да шек саналып жатканын жарыялаган.

Экс-премьер былтыр октябрда пандемияда гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка да (Финансы полициясы) сурак берип чыккан.

Сурактан кийин ал журналисттерге жетекчи болуп турганда эч кандай мыйзам бузбаганын билдирген.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 20-апрелде өкмөткө келип, 2020-жылдын июнь айында жыштык чырына байланыштуу кызматтан кеткен. (NT)

XS
SM
MD
LG