Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

Курсан Асанов 26-мартка чейин камалды


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттик шайлоодо талапкер болгон Курсан Асанов 26-мартка чейин камакка алынды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Асановдун бөгөт чарасын 28-январда карады.

Райондук соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, Курсан Асанов Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын №1 тергөө абагында кармала турган болду.

Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептейт.

Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, 26-январда кармалган.

Ал 2020-жылдын 5-9-октябрындагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган.

Курсан Асанов 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого талапкер катары катышып, жалпы шайлоочулардын 0,5% добушун алган. Кийинчерээк шайлоонун жана мамлекетти башкаруу системасын аныктаган референдумдун жыйынтыгына макул эмес экенин билдирген.

Бөгөт чарасы каралып жаткан кезде Асановдун тарапташтары сот имаратынын сыртында пикет өткөрүп, аны бошотууну талап кылышты. (NT)

XS
SM
MD
LG