Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:01

Ант берүү аземинде айтылган сөздөр


Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониядагы Садыр Жапаровдун инаугурациясы.

Садыр Жапаров инаугурация учурундагы сөзүндө экономиканын абалына, карыз маселесине, ички-тышкы саясатка кеңири токтолду.

Президент Садыр Жапаровдун 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ант берүү учурунда сүйлөгөн сөзү 27 мүнөткө созулду. Кайрылуунун 18 мүнөтү кыргыз, калганы орус тилинде болду. Жапаров президенттик кызматка расмий киришип жатып сүйлөгөн сөзүндө бийликке келишине себеп болгон октябрь айындагы элдик толкундоо жөнүндө кеп кылды. Ал 5-октябрь элдин парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө талабынын бийликти биротоло кетирүү тууралуу талапка өсүп жетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болгонун айтты:

«Бу сапар элибиздин улуу максаттарга умтулушу, үзүлбөгөн үмүт, татыктуу жашоо тууралуу кыялы баарыбызды тооруган пандемия коркунучунан да күчтүүлүк кылды. Натыйжада калың эл түрө көтөрүлүп, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга, мурдагы президенттин жана өкмөттүн бийликтен кетишине алып келди. Өлкөбүз башаламандыктын жана мыйзамсыздыктын чеңгелинде каларда, улуттук ынтымакты сакташ үчүн, 5-октябрь күнү элибиз аттанып, жапа тырмак талап кылган кыял-тилектин урматы үчүн чогуу-чаран жоопкерчиликти тайманбай өз мойнубузга алып, абалды турукташтыра алдык. Депутаттык орундардын акчага бааланышы жалпы саясий маданияттын деградацияланышына алып келди, мамлекеттүүлүгүбүздүн келечегине коркунуч туудурган көрүнүшкө айланды. Ал ортодо, коомдогу социалдык жиктелүү күндөн-күнгө, жылдан-жылга курчуп отурду. Тилекке каршы, соңку 30 жылдын ичинде коомубуздагы бир ууч топ гана байыгандын үстүндө болду. Менчиктештирүүнүн жүрүшүндөгү калпыстыктар, экономикалык жаңылыш саясат адилет, байгер коом куруу жөнүндөгү кыялдарыбызга, улуттук кызыкчылыктарыбызга кедергисин тийгизди. Натыйжада калың журттун чыдамы түгөндү».

Садыр Жапаровдун инаугурациясындагы Жогорку Кеңештин депутаттары.
Садыр Жапаровдун инаугурациясындагы Жогорку Кеңештин депутаттары.

Садыр Жапаров ошол эле учурда Кыргызстан бийликтин мөөнөтүнөн мурда кетиши менен аяктаган элдик толкундоонун өлкөсү катары таанылганын билдирди. Президент мындай окуялардын арты коомдогу ыркты кетире турганын айтып, өлкөдөгү саясий күчтөрдү, улуттук азчылыктарды жана диний конфессияларды, коомдун бардык катмарын максатташ болууга чакырды. Мындан тышкары Садыр Жапаров өзү колдоп келген президенттик башкаруу формасына дагы бир жолу түшүндүрмө берди:

«Президенттик башкаруу - адам укуктарын басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө деген кеп эмес, саясий партияларды ооздуктап, эл өкүлчүлүгү болгон парламентти жана сот бийлигин көз каранды бийлик бутагына айландыруу дегендикке жатпайт. Тар, өзүмчүл кызыкчылык үчүн элибиздин байлыгын тоноп, уул-кыздарын кордоого аракет кылган жеке басарлык, үй-бүлөлүк башкаруу эмнеге алып келерин, аягы эмне менен бүтөрүн жакшы билебиз. Ошондуктан, дагы бир мертебе кайталап кетейин, президенттик башкаруу - калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү».

Садыр Жапаровдун инаугурация учурундагы сөзүнөн улам анын Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу максаты бар экени белгилүү болду. Ал ушундай жол менен жумуш орундарын түзүп, миңдеген мигрант-мекендештерди өлкөгө кайтарып келсе болорун айтты. Жапаров мындан башка ишке ашыра турган долбоорлордун атын атаган жок. Ал эми президент болуп шайланган мөөнөттөгү пландары боюнча мындай деди:

«Менин президенттик кылган жылдарым — экономиканы калыбына келтирүүнүн жана ыкчам өнүктүрүүнүн, ишкердүүлүктү, экономикалык жаратмандыкты туш тараптан колдоонун, элибиздин жашоо стандартынын кескин жогорулашынын жылдары болуп калууга тийиш. Ал үчүн коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлуп, калың журттун коомдогу акыйкатка болгон ишеними калыбына келтирилиши шарт. Эрки күчтүүлөр менен шыктууларга экономикалык эркиндик берилип, социалдык жактан алсыздардын катмары коргоого алынып, жаратмандык потенциалы ачылууга, чет элдик инвесторлорго колдоо көрсөтүлүп, Кыргызстанга болгон ишенимдин жана урматтоонун рейтинги артууга тийиш! Экономикалык өсүш улуттук маданияттын өнүгүшү, элибиздин рухий эргүүсү менен эриш-аркак жүрүшү абзел».

Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы саясаты көп векторлуу боло турганына басым жасады. Ал өз билдирүүсүнүн тышкы саясатка байланыштуу бөлүгүнүн башында «оор учурда бир туугандык колун сунган өлкөлөргө, ириде Орусияга терең ыраазычылык билдиребиз» деди. Ал эми Кыргызстан менен чектешкен кошуна төрт мамлекеттин ичинен Казакстан, Өзбекстан жана Кытай өлкөлөрүнүн атын атады. Тышкы саясат боюнча Садыр Жапаровдун сөзүнөн үзүндү келтирели:

«Кыргызстандагы саясий окуяларды кылдат байкап, олку-солку кылган окуяларга чын дилден кабатырлануусун билдирген, оор учурда бир туугандык колун сунган өлкөлөргө, ириде Орусияга терең ыраазычылык билдиребиз. Пандемия апаатынан өздөрү жабыр тартып турса да кыргыз калкына ак дилден көмөк көрсөтүүгө ашыккан коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казакстандын аракетин айтпай коюуга болбойт. Бул өлкөлөр менен тамырыбыз менен тарыхыбыз да жалпы, тагдырыбыз да жалпы. Демек, стратегиялык өнөктөш бул өлкөлөр менен ар тараптуу мамилени чыңдоо, экономикалык жана маданий байланыштарды улантуу — тышкы саясатыбыздын приоритети. Бул саптагы мамлекеттердин катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн жана Түркияны кошо кетүүнү туура көрөм. Дүйнөлүк саясатта жана экономикада ойногон ролу күн санап өсүп жаткан улуу коңшубуз Кытай Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына эң жагымдуу таасирин тийгизүүнү улантат деп ишенебиз. Көп кылымдык коңшулук алаканы өз ара пайдалуу кызыкчылык үчүн колдонууга умтулуп, ал тажрыйбаны улам арттырып, жылдан-жылга байытып жүрүп отурушубуз керек. Биздин тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт. Эгемен Кыргызстан Американын, Европанын жана Азиянын мамлекеттери менен өз ара урматтоонун негизинде кеңири кызматташууга умтулат. Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму, Евразиялык Экономикалык Биримдиги, Түрк Мамлекеттер Кеңеши жана башка эл аралык уюмдарда эл аралык милдеттенмелерин татыктуу улантат деп ишендирем».

Садыр Жапаров ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүнүн соңунда Кыргызстандын азыркы абалына токтолуп, аны «канааттандырарлык деп сыпаттагандан алысмын» деди. Ал экономикалык кризистен чыгууда элдин колдоосуна муктаж экенин билдирди:

«30 жыл бою топтолгон беш миллиард долларлык ички-сырткы карызыбызды толук төлөө милдети да менин багыма — президенттигим башталган мезгилге туш келди. Ал ортодо коронавирус пандемиясы да республиканын бюджетине кескин түрдө кедергисин тийгизди. Энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга кабылып, 137 миллиард сом (1,5 млрд. доллар) карызы бар экен. Албетте, мындай абалдан чыгуу өтө оор кыйынчылык менен коштолору айкын. Ошондуктан менин алгачкы президенттик жарлыктарым кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багытталат».

Садыр Жапаровдун ант берүү аземине мурдагы өлкө башчылар Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева да катышты.
Садыр Жапаровдун ант берүү аземине мурдагы өлкө башчылар Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева да катышты.

Кыргызстандын алтынчы президентинин инаугурациясына катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын, ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилери болуп жалпысынан миңден ашуун киши катышты. Алардын ичинен 50дөй адам дипломатиялык корпустун өкүлдөрү болду. Арасынан айрымдары ант берүү аземинин учурунда сахнага чыгып, Жапаровду куттукташты. Маселен, Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын жаңы президенти Садыр Жапаровду мамлекет башчылык кызматка киришүүсү менен куттуктаган сөзүн инаугурация учурунда анын атайын өкүлү Жансеит Туймебаев окуп берди.

Өз сөзүндө Назарбаев Жапаровдун элдин жаркын келечегине, Кыргызстандын эл аралык аренадагы беделин жогорулатууга багытталган аракеттерине тилектеш экенин билдирди. Ал эки өлкө ортосундагы достукка, стратегиялык шериктештикке негизделген ынтымактын өнүгүшүн каалады. Садыр Жапаровго бекем ден соолук, кыргыз калкына кут-береке жана өсүп-өнүгүү тилей турганын белгиледи.

Ошондой эле ант берүү аземинде Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишелдин куттуктоосун окуп берди.

Куттуктоодо Мишел жаңы бийлик менен адам укуктары, басма сөз эркиндиги, демократиялык баалуулуктар багытындагы жана экономикалык кызматташтык улана берерин белгилеген:

Шарль Мишел.
Шарль Мишел.

«Кыргызстан менен мамилени чыңдап, силердин өлкөнү эл аралык аренадагы ишенимдүү өнөктөш катары кабылдайбыз. Европа Биримдиги өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү жаатында сизди зарыл болгон реформаларды ишке ашыруучу катары көрөт. Биз сиздин президент катары, өлкөнү модернизациялоону дымактуу ишке ашырууңузга ишенүү менен, аймактык, глобалдык деңгээлде тынчтык үчүн кызматташууга барарыңызга үмүт артабыз. Мыйзамдуулуктун сакталышы, мамлекеттик башкаруунун сапатын арттыруу менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшөсүз. Айрыкча глобалдык пандемиядан улам келип чыккан оор кырдаалда Евробиримдик менен Кыргызстандын тыгыз байланышы болоруна ишенебиз. Европа Биримдиги өлкөдө ачык өкмөт, басма сөз эркиндиги болушун ар тараптан колдойт».

27-январда ант берип, президенттик кызматка киришкен Садыр Жапаров 10-январдагы президенттик шайлоодо добуш бергендердин 79,20% колдоосуна ээ болгон эле. Добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышкан.

Кыргызстандагы инаугурациялардын таржымалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:48 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG