Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

TI: Кыргызстан жемкорлук желесинен чыга элек


Коррупцияга каршы митинг. Бишкек. 18-декабрь, 2019-жыл.
Коррупцияга каршы митинг. Бишкек. 18-декабрь, 2019-жыл.

Дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин изилдеген «Transparency International» эл аралык уюму жарыялаган жаңы баяндамага ылайык, Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээледи. Бул Кыргызстан дагы деле коррупция күч алган мамлекеттердин катарында дегенди билдирет.

«Transparency International» эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 100 баллдын ичинен 31 балл алып, бул жылы да коррупция күч алган мамлекеттердин катарына кирди.

Аталган уюмдун адистеринин баамында, Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөш акыркы жылдары жетиштүү деңгээлде жүргөн эмес. Анткени уюмдун өткөн жылдагы баяндамасында Кыргызстан 30 балл алган.

«Кыргызстандагы коррупциянын деңгээли акыркы жылдары жакшырган жок. Ошол эле убакта артка да кетпеди. Бийликке ким келбесин бул жаатта аёосуз күрөш жүрө турганы айтылат. Бирок анын жыйынтыгы байкала элек. Биздин иликтөө улуттук антикоррупциялык системаны баалоого багытталды. Натыйжада Кыргызстан коррупция күч алган мамлекеттердин катарына кирди», - деди «Transparency International» эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Айгүл Акматжанова.

Уюм ириде бийликти бөлүштүрүү системасын бекемдөөгө, бюджетти бөлүштүрүүдө жеке байланыштарды токтотууга чакырды.

Саясий партиялардын каржыланышын көзөмөлдөөгө, шайлоо процессинин тазалыгын камсыз кылууга жана жарандарга, активисттерге, журналисттерге көбүрөөк эркиндик берүү ж.б. жемкорлукка каршы сунуштарды берди.

"Transparency International" уюмунун маалыматы.
"Transparency International" уюмунун маалыматы.

Уюмдун коррупция боюнча индекси 1995-жылдан бери эксперттерди, ишкерлерди, өкмөттүк эмес уюмдарды сурамжылоо аркылуу түзүлүп келет. Кайсы өлкөнүн баллы көп болсо, ал жерде жемкорлук аз деп эсептелет.

Иликтөөгө ылайык, эң жогорку көрсөткүчкө ээ болуп, 88 балл алган өлкөлөр – Дания жана Жаңы Зеландия. Ал эми 85 баллды Финляндия, Сингапур, Швеция жана Швейцария өлкөлөрү алды.

Коңшу республикалардан Казакстан 34 балл алып, 113-орундан 94-орунга көтөрүлдү.

Өзбекстан да позициясын жакшыртып 26 балл алса, Тажикстандыкы былтыркыдай эле 25 балл бойдон турат.

Кыргызстандын көрсөткүчү 2015-2020-жылдар аралыгында 28ден 31 баллга жогорулады. 2019-жылы Кыргызстан 126-орунда болчу.

Айгүл Акматжанова Кыргызстан коррупциянын азабынан өнүгө албай жатканын белгиледи.

«Бийликтин бардык бутактары, акыйкатчы, жалпыга маалымдоо каражаттары коррупцияга каршы күрөш системасын түзүшөт. Эгер аталган институттар жакшы иштесе, анда туруктуу өнүгүү болмок. Элдин турмушу жакшырмак. Ал эми сөз болуп жаткан бир-эки институтта коррупция орун алса, башкаларга да кедергисин тийгизет. Ошентип коррупцияга каршы күрөш тактап айтканда, экономикалык өсүш болбойт».

"Transparency International" уюмунун маалыматы.
"Transparency International" уюмунун маалыматы.

2020-жылдын октябрь айындагы тополоңдо бийликти колуна алган Садыр Жапаров 21-октябрда бир айлык экономикалык мунапыс жарыялаган. Ал бул өнөктүктү бюджетти толтуруу, өлкөдөн чыгып кеткен мыйзамсыз капиталды, офшордук эсептердеги акчаны кайра кайтаруу менен түшүндүргөн.

Жапаров укук коргоо органдары менен кызматташып, акчаны экономикага кайтаргандарга административдик жана экономикалык кечирим берилерин айткан. Ал мурдагы жетекчилерге, ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алган аткаминерлерге, салыктарды төлөбөй качып жүргөн жарандарга, кирешесин аз көрсөткөн ишкерлерге кайрылган.

Кыргызстанда өткөн үч айда Финансы министрлигинин борбордук казыналыгына караштуу атайын эсепке коррупцияга каршы өнөктүктүн жана экономикалык мунапыстын алкагында түшкөн акчанын өлчөмү 1 млрд. 555 млн. сомду түздү.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык жана кызматтык кылмыштарды ачуунун натыйжасында эки айда 2 млрд. 700 млн. сом мамлекетке келтирилген зыян өндүрүлгөнүн жана мындан ары коррупционерлер уурдаган акча түгөнмөйүнчө анын өлчөмү 3 млрд. сомго чыгарын жарыялаган.

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов коррупцияга каршы күрөш тегиз жүрүшү керек деп эсептейт.

Али Токтакунов.
Али Токтакунов.

«Биз угуп жаткан убадалар келечектин маселеси. Бирок азыр кош стандарттуулук орун алууда. Мына кечээ жакында эле коррупцияга шек саналып мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кармалды деп анын мүлктөрүн жарыялашты. Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып, кайра кое берилген. Анын мүлктөрү жарыяланган эмес. Коррупцияга шек саналгандардын баарына бирдей мамиле болгондо гана эл бийликке ишенет. Жаңы президенттин алгачкы 100 күнү деген бар. Биз жыйынтыкты ошол убакыт ичинде күтөбүз. Анын кийинки иштери да ошого көз каранды болот».

Токтакунов сөз кылган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кызматта турган кезинде жасаган коррупциялык иштери боюнча күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке 2 млрд. сом төгүп берген. Сот аны үй камагына чыгарган.

Садыр Жапаров 28-январда президенттик кызматка киришүү аземинде “жемкорлукка каршы күрөшүү - негизги максатым” деп белгиледи.

«Менин президенттик жылдарым — экономиканы калыбына келтирүүнүн жана ыкчам өнүктүрүүнүн, ишкердүүлүктү, экономикалык жаратмандыкты туш тараптан колдоонун, элдин жашоо стандартынын кескин жогорулашынын жылдары болууга тийиш. Ал үчүн коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлуп, калың журттун коомдогу акыйкаттуулукка ишеними калыбына келтирилиши шарт, эрки күчтүүлөр менен шыктууларга экономикалык эркиндик берилип, социалдык жактан алсыздардын катмары коргоого алынып, жаратмандык потенциалы ачылууга, чет элдик инвесторлорго колдоо көрсөтүлүп, Кыргызстанга болгон ишенимдин жана урматтоонун рейтинги артууга тийиш».

Коомдук ишмер Тойгонбек Калматов жаңы бийликке эл үмүт артып тургандыктан, ага иштөөгө убакыт жана мүмкүнчүлүк берүү керектигин белгиледи.

«Жаңы бийлик коррупцияга каршы системалык күрөш жүргүзөт деп ишенип туралы. Укук коргоо органдары бул жаатта иш алып барып жатканда тоскоол болбойлу. Кимдир бирөөнү камаса, он чакты кишини чогултуп алып митинг кылбайлы. Бардыгы мыйзамдуу болсун. Эгер сотто акталса, анда чыксын. Андай болбосо өзү азабын тартсын».

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков буларга токтолду.

«Коррупция менен күрөшүү үчүн саясий эрк болушу керек. Эл кимдин паракор экенин эң жакшы билет. Мыйзам бирдей иштебей жатат. Көзөмөл органдары жемкорлордун киттери эмес, биттери менен күрөшүп жатат. Миллиондоп зыян келтиргендерди эмес, 2000 сом жеген майда-барат аткаминерлерди жооп тартышат. Жөргөмүштүн жөтөлгөнүн билген УКМК чыныгы паракор ким экенин билбей калмак беле?».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2018-жылдан бери коррупциялык иштерден мамлекет тарткан зыяндын көлөмү 10 млрд. 424 млн. 379 миң сомго жеткен.

Жалпысынан 2018-2020-жылдар аралыгында коррупция боюнча 940 кылмыш иши козголду. Анын 410у «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», 104ү «Пара талап кылуу», «Пара алуу» жана 35и «Коррупция» беренелери менен козголгон.

XS
SM
MD
LG