Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

«Мыйзамсыз баюу»: Кармалган аткаминерлер


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен айып койду.

Акыркы эки айдын ичинде Жогорку соттун эки судьясына да ушул эле берене менен кылмыш иши козголгон. Атайын кызмат алар эбегейсиз байып, баасы асман чапчыган ондогон турак жайларга ээлик кылышканын билдирген.

Финполдун кызматкери колго түштү

УКМК Финансы полициясынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Айбек Токоев кармалганын 19-январда кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда ал мыйзамсыз баюуга байланыштуу шек саналып жатат жана кармалган жетекчи 2014-жылдан бери Бишкек жана Ош шаарларынан 15 кыймылсыз мүлк сатып алып, жакындарына каттаткан.

Андан тышкары Ош шаарындагы 13 кабаттуу үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушуна ири суммада инвестиция салган.

УКМКнын баштапкы эсеби боюнча анын кыймылсыз мүлкүнүн, финансылык активдеринин баасы 4 миллион долларга барабар. Бул шектүүнүн легалдуу кирешесине дал келбейт. Ал 18-январда кармалып, УКМКнын убактылуу тергөөчү жайына камалды.

Шектүү кармалган соң УКМК кызматкерлеринин ортосунда турат. Сүрөт атайын кызматтыкы.
Шектүү кармалган соң УКМК кызматкерлеринин ортосунда турат. Сүрөт атайын кызматтыкы.

Айбек Токоев Финансы полициясына кызматка орношкондон бери жакындары тездик менен байып, Бишкек жана Ош шаарларынан кыймылсыз мүлктү биринин артынан бирин ала баштаганын алгач журналист Ыдырыс Исаков иликтеп чыккан. Андан кийин ишти УКМК сотко чейинки териштирүүгө алган.

«Мамлекеттик кызматкерлер айлыгына жараша жашаганды үйрөнүш керек. Бирок Кыргызстанда азыркы айлык менен эч ким жашай албайт. Ошондуктан маянаны көтөрүш керек. Ал үчүн коррупцияны жок эле деген 70-80% ооздуктабаса болбойт. Азыркы же мурдагы бийлик деле муну ишке ашырууга милдеттүү эле. Азыркылардын да негизги иши ушул. Коррупция ооздукталбаса айлык аз бойдон калат, жемкорлук боло берет. Айбек Токоевди же ага окшогон жүздөгөн адамдарды камап коюу менен маселе чечилбейт. Ошондуктан системалуу түрдө люстрация болушу керек», - деди Исаков.

Финполициянын басма сөз бөлүмү бул окуяга байланыштуу азырынча комментарий берилбей турганын билдирди. Айбек Токоевдин жакындары же адвокаты үн ката элек.

Мыйзамсыз баюу боюнча шек саналган судьялар

Кыргызстанда мыйзамсыз баюу боюнча акыркы эки айдын ичинде жогорку кызмат адамдарына козголгон кылмыш иштери көбөйдү. Былтыр декабрь айында Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиев Жазык кодексинин 323-беренеси («Мыйзамсыз баюу») менен шектүү катары кармалган.

УКМК тараткан маалымат боюнча, ал киреше булактары жок болсо да көптөгөн кыймылсыз мүлктү, тандалма имараттарды, Ысык-Көлдүн жээгинен абройлуу пансионаттардан коттеждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алган. Мыйзамсыз тапкан мүлкүн башка кишилерге каттаткан, өзү Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, АКШ жана мамлекеттердин курорттук аймактарына байма-бай каттап турган.

Камил Осмоналиевге же анын жакындарына тааандык мүлк. УКМК тараткан сүрөт.
Камил Осмоналиевге же анын жакындарына тааандык мүлк. УКМК тараткан сүрөт.

Атайын кызмат ушул эле берене менен Жогорку соттун дагы бир судьясы Дилфуза Боронбаевага иш козгогон. 11-январда таратылган расмий кабарга ылайык, ал 20дан ашык тандалма кыймылсыз мүлк объектилерин, Ысык-Көлдүн жээгиндеги кымбат пансионаттардан батирлерди алган. Бир катар кымбат автоунааларга ээлик кылары аныкталган. Ал да чет өлкөлөргө кымбат саякаттарга барган.

Жогорку сот өз кызматкерлерине карата УКМКнын бул маалыматтарын күнөөсүздүк презумпциясын (айып сотто далилдене электе эч ким айыптуу болуп эсептелбейт деген принцип) бузуу деп баалаган.

Дилфуза Боронбаевага же анын жакындарына таандык мүлк. УКМК тараткан сүрөт.
Дилфуза Боронбаевага же анын жакындарына таандык мүлк. УКМК тараткан сүрөт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нарынбек Молдобаев «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен кылмыш ишин козгоодон мурун айныксыз далилдер болушу керек экенин эске салды. Ал бул берене саясий күчтөрдүн өч алуусунун куралына айланып кетпеши керек экенин айтып, иштин жыйынтыгы тууралуу коомчулукка маалымат берилиши зарыл болорун кошумчалады:

«Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер байлыгын декларацияда көрсөтпөй жашырат. Мүлкүн туугандарына, жоро-жолдошторуна каттатып коёт. Укук коргоо органдары көп эле кишини кармап атат. Алардын мүлкүн мамлекетке алыш керек да. Бизде алардын дайыны чыкпай калууда. «Баланча жемкордон ушундай мүлк алынды. Ал аукционго коюлду, андан түшкөн акча бюджетке которулду» деген отчёт жок болуп атат».

Берене биринчи колдонулган аткаминерлер

«Мыйзамсыз баюу» деген берене биринчилерден болуп мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге колдонулган. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, ушул күнгө чейин соту бүтө элек.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиев ушул берене менен беш жылга сыртынан түрмөгө кесилген. Бул Кыргызстанда «Мыйзамсыз баюу» деген берене боюнча сот чечими чыккан алгачкы иштердин бири. Шадиев издөөдө жүрөт.

Былтыр Финансы полициясы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге карата ушул берененин негизинде териштирүү баштаган. Үч берене, анын ичинде «Мыйзамсыз баюу» менен шек саналган Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков былтыр 300 миң сом айып пул төлөп бошогон.

Расмий маалыматка ылайык, 2019-жылы «Мыйзамсыз баюу» беренесине байланыштуу 19 материал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тандалма иштеген мыйзам, жолго коюла элек декларация

Борбор Азиядагы коррупция маселесин изилдөө институтунун директору Эркайым Мамбеталиева Жазык кодексиндеги бул берене тандалма колдонулуп жатканын сындады:

Эркайым Мамбеталиева.
Эркайым Мамбеталиева.

«Бул берене коррупцияга каршы күрөштүн бирден-бир куралы катары дүйнө жүзүндө колдонулат. Биздин мыйзамдарда ал жумшартылып эле жазылган. Биз ошону да тандалма колдонуп жатабыз. Кааласа кылмыш ишин козгоп коюшат, каалабайбы - көрмөксөн болушат. Бул негизи мамлекеттик кызматкерлерге колдонулчу берене».

«Мыйзамсыз баюу» деген берене Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясында камтылган. Кыргызстан ал конвенцияны 2005-жылы эле ратификациядан өткөргөн. Кийинки иш аны өлкөнүн мыйзамдарына, Жазык кодексине киргизүү болгон. Ачык булактардагы маалымат боюнча бул иштер 2012-жылы гана жүзөгө ашып, андан бери бул берене толук колдонулган эмес.

«Transparency International Kyrgyzstan» борборунун өкүлү Адылбек Шаршенбаев «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен декларация бирин-бири толуктап турарын айтты. Мамлекеттик кызматкерлердин чыгышасы менен кирешесинде айырма болсо аларга ушул берене менен иш козгоого жол ачылат. Бирок өлкөдө декларация өнөктүгү дагы эле жолго коюла элек.

«Кыргызстанда декларация боюнча мыйзам 2004-жылы кабыл алынган, - деди ал. - Ошондон бери жакшы иштете албай кыйналып атабыз. 2018-жылы декларацияга көзөмөл кылууну Мамлекеттик салык кызматына берип коюшту. Алар ушул күнгө чейин жакшы түшүнбөй атышат. Декларация системасы жолго коюлганда гана «Мыйзамсыз баюу» беренеси иштейт. Анткени бул берене декларациянын негизинде иштейт. Бул коррупцияга каршы күрөштүн принциптеринин бири. Аткаминердин байлыгын көзөмөлдөп туруш керек. Ал жарандардын мамлекетке болгон ишеним маселеси десе да болот. Мисалы, мамлекеттик мекемеде иштеген кызматкер чоң үй алса, кымбат баалуу машине сатып алса, анын кошуналары шек санайт. Себеби, бюджеттик мекемеде иштегендер канча айлык аларын билишет да. Мунун артынан башка да маселелер чыгат».

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» мыйзам боюнча мамлекеттик кызматта иштегендер ата-энесинин, жубайынын, балдарынын, бир туугандарынын киреше-чыгашалары, мүлкү тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү. Маалыматты жашырган декларанттар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

XS
SM
MD
LG