Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Деми сууган декларация өнөктүгү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура мамлекеттик кызматкерлердин декларациясын текшерип бүттү.

Ага ылайык «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен эки эле кылмыш иши козголгону маалым болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков декларацияларды текшерүү коррупцияга каршы күрөштүн эң маанилүү бөлүгү экенин далай жолу айтып, «эл эсебинен байыгандардын баары ашкереленет» деп убада берген.

Айрым эксперттер Кыргызстанда өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп эбегейсиз байыган, мүлкүнүн таржымалы белгисиз аткаминерлер көп экенин айтып, эки эле адам «мыйзамсыз байыган» деп айыпталганын сынга алып жатышат.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда былтыр 50 миңдей мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер киреше-чыгашасы тууралуу декларация тапшырган. Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз өкүлү Эркин Сазыковдун «Азаттыкка» айтканы боюнча, анын эки миңге жакынынын документи шек жараткан.

- Декларацияларды текшерип жатканда башка органдардан, банктардан да маалымат алынып, аларды декларациядагы маалымат менен салыштырып, туура эмес толтурулган же туура эмес маалымат берген деген шек жараткан мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин тизмесин тийиштүү укуктук баа бериш үчүн прокуратура органдарына өткөрүп бергенбиз. Ошондой мамлекеттик кызматкерди чакырып, териштирүү иштерин жүргүзүү прокуратура органдарына жүктөлгөн, - деди ал.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жалпысынан 1200дөн ашуун декларация боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Анын жыйынтыгында 174 адам тартиптик, 608 адам административдик жоопкерчиликке тартылды. Ал эми «Мыйзамсыз баюу» жана «Арам акчаны адалдоо» беренеси боюнча эки гана кылмыш иши козголду.

Башкы көзөмөлдөөчү орган буга чейин мурдагы вице-премьер-министрлер Дүйшөнбек Зилалиев менен Аскар Шадиевге ушул беренелер боюнча кылмыш иштери козголгонун маалымдаган. Зилалиев ушу тапта УКМКнын тергөө абагында отурат, ал эми Шадиевге издөө жарыяланган.

Саясат таануучу Эмилбек Жороев Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп байлык топтогон, мүлкүнүн таржымалы коомчулукка белгисиз аткаминерлер көп экенин эске салды.

Анын пикиринде, «мыйзамсыз байыган» деген айып менен эки гана кылмыш иши козголгону бийликтин коррупцияга каршы күрөш тууралуу убадаларына көлөкө түшүрөт.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

- Президент коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө «декларацияга жараша иштер болот, бир канча иш чыгат, күтө тургула» деп эл алдында айткан болчу, - деди адис. - Ушунча миңдеген аткаминердин арасынан эки эле адам мыйзамсыз байыган деп айтуу аздык кылат. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген, бирок өз маянасынан алда канча көп байлыгы бар жетекчилер коомчулукка белгилүү. Декларациялардын негизинде толук талдоо жүргүзүп, мамлекеттик кызматкерлердин мүлкүн иликтеп, каталарды таап, мыйзамсыз байыган фактыларды ашкерелеп, алардын бетин ачпасак - анда коррупция менен кантип күрөшөбүз? Коррупцияга каршы күрөштү жалаң гана бирөө чуркап барып тымызын айта койгондо, акча алып жаткан жеринен кармап алганда гана жүргүзөбүз десе - анда жыйынтык күтпөй деле койсок болот.

​Талдоочу Эркин Абдразаков аткаминерлердин киреше-чыгашасын иликтөөдөн анча майнап чыкпай жатканын мындайча түшүндүрдү:

- «Майлуу-сүттүү», эл тагдырын чече турган кызматтарга көп адамдар байлык топтоону гана көздөп барып жатышат. Канчалык кызматы бийик болсо, ошончолук уурдоого, баюуга мүмкүнчүлүк болот. Жетекчилер «карга карганын көзүн чукубайт» деген гана принцип менен иштешүүдө. Ошондуктан президент айткандарын эч качан ишке ашыра албайт. Укук коргоо органдары кылмыш ишин козгомуш болуп, бири-бирине кайра эле мыйзамсыз баюуга шарт түзүп берип жатышат. «Коррупцияга каршы күрөштү баштадык» дегени менен элге жыйынтыгын көрсөтө албай жатышат. «Баары эле байып жатпайбы» дегендей аткаминерлердин арасында тилектештик пайда болгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков декларация туурасында көп сөз кылган. Ал бардык мамлекеттик кызматкерлердин декларацияларын кылдат текшерүүнү, эл эсебинен байыгандарды аныктап чыгууну тапшырган.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Ар бир министрликте жана мекемеде коррупциялык схемалар барбы-жокпу, ар бир мамкызматкерди жекече текшергиле, - деген эле ал. - Мамлекеттик түзүмдөрдүн, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин декларациялары жакшылап текшерилет. Дагы бир жолу кайталайм — коррупцияга каршы күрөш кимдин кандай даражасы бар экенине жана кандай кызматты ээлегенине карабастан катуу жүргүзүлүшү керек.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын декларациялары коомчулукта талкууга түшкөн. Документтерге ылайык, колунда бар деген бай адамдардын сап башында тургандардын жашаган үйү, автоунаасы жок болуп чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG