Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

Капчыктуу чоңдордун "калпы" чыгабы?


Иллюстрация
Иллюстрация

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин киреше-чыгашалары текшериле баштады. Анткен менен текшерүүнүн даяр усулу жана мыйзам бузгандарга карата көрүлчү чаралардын механизми жоктугу айтылууда.

2-июлдан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин киреше-чыгашалары текшериле баштады. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен өткөн жыйында бардык аткаминерлердин декларациясын жакшылап текшерүү зарыл экенин эскертти.

Бул жолу аткаминерлердин мүлкү тууралуу толтурулган документти Мамлекеттик кадр кызматы эмес, Мамлекеттик салык кызматы көзөмөлдөп, талдап чыгат. Декларацияны толук толтурбагандар же мүлкүн жашыргандар тууралуу маалыматтар прокуратура органдарына өткөрүлөт.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун "Азаттыкка" айтымында, мамлекеттик аткаминердин мүлкү тууралуу маалыматтар башка булактар аркылуу да текшерилет.

Бизге биринчи жолу өткөрүлүп берилип жаткандыктан биз быйыл катуу текшеребиз.

- Бизге биринчи жолу өткөрүлүп берилип жаткандыктан биз быйыл катуу текшеребиз. Президенттин да тапшырмасы боюнча сотторду, укук коргоо органдарын жана атайын текшерүү керек болгон адамдарды текшерүү биринчи планда болот. Мамлекеттик кызматкердин берген декларациясы менен каттоо кызматтарында, жергиликтүү органдарда жана өзүбүздө болгон маалыматтарды салыштырып, текшеребиз. Эгер декларацияда кайсы бир маалымат камтылбай калса же толук эмес болсо, мыйзам бузулганы тууралуу маалыматтарды прокуратура органдарына тапшырууга укугубуз бар.

27-июнда президент Сооронбай Жээнбеков парламентте сүйлөгөн учурда да декларацияны текшерүүнүн маанисине токтолуп, бул коррупция менен күрөшүүнүн олуттуу компоненти экенин айткан. Ал мамлекеттик кызматкерлерге жана алардын жакындарына жазылган мүлктүн эсебин алуу менен казынаны уурдоо жана пара алуу сыяктуу кылмыштардын алдын алуу амалын жайылтууну сунуш кылган.

Мамлекет башчы 2-июлда Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен жумушчу жыйын өткөрүп, мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери жана чыгымдары тууралуу декларацияларын кылдат текшерүү зарыл экенин эскертти.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Ар бир министрликте жана мекемеде коррупциялык схемалар барбы-жокпу, ар бир аткаминерди жекече текшергиле. Дагы бир жолу кайталайм — коррупцияга каршы күрөш кимдин кандай чини бар экенине жана кандай кызмат ээлегенине карабастан катуу жүргүзүлүшү керек.

Өмүр бою айлыкка жашап, бирок заңгыраган хансарай салып, кымбат үлгүдөгү машина айдап жүргөн мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси тууралуу маалыматтар коомчулукта ар дайым кызуу талкууга түшүп келет. Эл билген байлыгын декларацияга киргизбей, тууган-уругуна, аялына жаздырып мыйзамды кыйгап өткөн учурлар көп экени да айтылып жүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев аткаминердин кирешеси менен чыгашасын текшерүү укуктарын кеңейтүү зарылдыгын белгиледи:

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

- Мамлекеттик салык кызматында текшерүү үчүн даяр усул жок. Ошондуктан талаш, күмөн саноо көп болушу мүмкүн. Декларацияда "жакын туугандары" деп өзүңдүн бала-чакаң, бир туугандарың көрсөтүлөт. Кайын-журтуң, кайниң, таекең, бөлөң көрсөтүлбөйт. Бул мыйзамда каралган эмес. Мүмкүн ушуну өкмөт токтом мененби, Салык кодексине өзгөртүү киргизүү мененби, айтор толук текшерүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек. Кагазда жазылган нерсени текшерүү менен жыйынтык чыкпайт.

Мурда Мамлекеттик салык кызматын жетектеп, декларация толтуруунун алгачкы эрежелерин иштеп чыгууга да катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин айтымында, Кыргызстанда декларация тапшыруу жана зарыл учурда аны текшерүү механизми азырынча толук калыпка түшө элек. Масалиев мамлекеттик кызматкерлердин мал-мүлкү тууралуу маалымат берүү өнөктүгүнүн негизги максаты - чиновниктин байлыгын издеш эмес, кирешеси менен чыгашасы шайкеш келеби-жокпу, ошону аныктоо экенин белгиледи:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- "Мамлекеттик кызматкерлердин байлыгы жарыкка чыгат" деп көпчүлүк түшүнбөй турат. Андай эмес. Биринчи кезекте "кызматкерлер тапкан маянасына жараша жашаш керек" деген максат. Ошол максатка жетиш үчүн барып-барып кайсы мүлк кимдики экени жарыкка чыгат. Бирок бир жылда эмес. Ага убакыт керек. Ошондо адам өзүнө жазышы керек байлыгын же жок кылышы керек.

Буга чейин мамлекеттик кызматкерлердин тапшырган декларациясы менен чыныгы байлыгы дал келбей калган учурлар көп эле кездешкен. Расмий эмес чыгарылган рейтингдерде эң бай адамдардын катарына кирип, эл оозуна алынып жүргөнү менен айрым аткаминерлер, депутаттар совет доорунда алган тамы менен машинесин гана көрсөтүп койгон учурлары катуу сынга кабылган.

Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыпталып кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Нурбек Айбашевдин үйүн тинтүү маалында кымбат баалуу буюмдар табылгандан кийин айлыкка жашаган кызматкерлердин үйүн, өзгөчө "Раим миллион" деген ат менен таанымал, бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үйүн да тинтүү тууралуу сунуштар айтылган.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин киреше-чыгашалары тууралуу декларация толтуруу өнөктүгү 2005-жылдан бери жыл сайын жүргүзүлөт. Расмий маалыматка караганда, быйыл 48 миң 641 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер декларация тапшырды. Алардын 900гө жакыны саясий кызматты ээлеп турат.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин маалыматы боюнча, бул текшерүүнүн алгачкы жыйынтыктары 2018-жылдын сентябрь-октябрь айларында жарыяланат. Буга чейин декларациясын туура эмес толтурганы үчүн кимдир-бирөөлөр кандайдыр жоопкерчиликке тартылган учурлар каттала элек.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG