Мадеминов: Райым Матраимовдун да үйүн текшергиле (видео)

Райымбек Матраимов.

Башкы прокуратура бажыдагы коррупцияга көңүл бурушу зарыл. Мындай пикирин бүгүн парламентте башкы прокурордун жылдык отчету талкууланып жатканда КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов билдирди.

Ал башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, “2016-2017-жылдар боюнча негизинен Ички иштер министрлиги, Транспорт жана жолдор министрлиги, Мамлекеттик курулуш агенттиги эң коррупциялашкан деп атап өтүптүрсүз, эмне үчүн бажыны айтпай жатасыз?” деп суроо узатты:

- Ал жерде ондогон миллиарддар уурдалат. Азыр да уурдап жатышат. Кулматов жаңы келгенде бюджетке жылдын аягында 50 миллиард берем деген. Азыркы жаңы келгени “жок, 50 миллиард бере албайм” деди. Эмне үчүн силер, Башкы прокуратура бажыдагы коррупция маселесине чекит койбойсуңар? Мына, борбордук бажынын бир эле жетекчисинин үйүн көрүп жатасыңар, кеминде 5 миллион долларга курулган үй. Силер мурдагы Райым Матраимов дегендин үйүн көргүлө. Ага чейинки директордун үйүн көргүлө. Ар бир бажычынын үйүн текшерип көргүлөчү. Өзүлөрүнө катталган эмес, бирок жашап жаткан үйлөр ошолордуку да. Ушуга эркиңиз жетеби, чекит коюп, камай тургандарды камаганга?

Депутат Мадеминовдун бул суроосуна Жамшитов:

- Эркибиз жетет. Баарын текшерүү жүргүзгөнгө да, кылмыш иштерин козгогонго да, - деп жооп берди.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин бөгөт чарасын карап, тергөө бүткүчө камакка алганын 28-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы билдирген болчу.

Эл ичинде "Райым миллион" атыккан Райымбек Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп быйыл апрелде өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

2017-жылдын 23-ноябрында Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимге "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет" деген негиз келтирген. (RK)