Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Райымбек Матраимов кимдин жардамы менен кызматта отурганын айтты


Раимбек Матраимов.
Раимбек Матраимов.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл ичинде "Райым миллион" атыккан Райымбек Матраимов кызматка экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов аркылуу дайындалганын маалымдады. Бул тууралуу 5-апрелде айрым басылмалар жазып чыгышты.

"2015-жылы Алмазбек Атамбаев жана досум Икрамжан Илмиянов аркылуу мен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалгам. Мен дайыма КСДПга пайдалуу болууга аракет кылып келдим. Азыр да өзүмдү партия менен бир командадамын деп эсептейм", - деген Матраимов. Ал ошондой эле журналисттерге айткан сөзүндө экс-президент 31-марттагы маалымат жыйынында өзүн неге сындаганын түшүнбөстүгүн билдирип, мурда Алмазбек Атамбаев менен эч кандай пикир келишпестик болбогонун билдирген.

Райымбек Матраимов өзү иштеген мезгилде бажы тармагынан түшкөн киреше дайыма жогору болгонун белгилеп, 2017-жылы он айда 27 млрд. 700 млн. сомду мамлекеттик бюджетке түшүргөнүн, бул өкмөт койгон пландан дээрлик 300 млн. сомго көп болгонун айткан.

Райымбек Матраимов өткөн жылдын аягында өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-марттагы басма сөз жыйынында Райымбек Матраимовду кызматтан алууну өкмөт башчыга өзү көрсөтмө бергенин айткан эле:

- Өткөн жылы премьер-министр Сапар Исаковдон бул схемадагы кардиналдардын бири "Райым миллионду" кызматтан алышын катуу сурангам. Азыр мен Сапар Исаков ошол адамдын парламенттеги жана анын сыртындагы таламдаштарынын катуу чабуулуна кабылганын көрүп жатам. Сапар Исаков ишин аткарып жатат. Сапар Исаков кээ бир адамдарды катуу "таарынтты". Ал "Райым миллионду" кызматтан алды.

Атамбаевдин басма сөз жыйынынан кийин ага жооп кылган президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиевага берген жообунда КСДПнын төрага орун басары Фарид Ниязов да "Райым миллиондун" кызматтан алынышы "Сапар Исаковго чабуулду күчөттү" деп билдирген. (ZKo)

Атамбаев: "Райым миллионду" кызматтан алууну сурангам
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:26 0:00

XS
SM
MD
LG