Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Жогорку Кеңештин депутаты эки айга камалды


Шектүүнү кармап алып келүү учурунан тартылган сүрөттү УКМК жөнөттү.
Шектүүнү кармап алып келүү учурунан тартылган сүрөттү УКМК жөнөттү.

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шек саналып эки айга камакка алынды. Ага карата Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен сотко чейинки териштирүү башталды. Эрежесиз мушташтарга катышып жүргөн Төрөкулов коомчулукта “Душка” деген каймана ат менен таанымал.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) парламент депутаты Дүйшөн Төрөкуловду кармаган видео таратты. Тасмадан эл өкүлүнүн колуна кишен салынып, куралчан аскерлер учактан түшүрүп жатканын көрүүгө болот. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, эл өкүлү 15-январда Ош шаарынан кармалып, Бишкекке жеткирилген.

«Төрөкулов Ош шаарында жайгашкан терини кайра иштетүүчү заводду рейдерлик жол менен басып алууга шек саналып кармалды. Ага карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу тергөөдө күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен айныксыз далилдер алынган. Бул ишке аралашкан башка адамдар да тергөөгө чакырылат», - деди атайын кызматтын атын атагысы келбеген өкүлү.

Учурда Төрөкуловго карата Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен сотко чейинки териштирүү башталды. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

«2021-жылдын 15-январындагы токтомуна ылайык, айыпталуучу Төрөкуловго карата бөгөт чарасына ылайык камакка алуу түрү 2021-жылдын 14-мартына чейин тандалды», - деди мекеменин басма сөз катчысы Айзада Момунова.

Төрөкуловго байланышкан иште анын шериги катары Чүйдөн Жантай Шаменов да кол түшкөн.

Шектүүлөрдүн жакындарына же адвокаттарына байланышып, комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештин депутаты болуп 2017-жылы мандатын өз эрки менен тапшырган депутат Чолпон Жакупованын ордуна келген.

Дүйшөн Төрөкуловду «губернатор кылабыз» деп тарапташтары алып келе жаткан учур. 7-октябрь, 2020-жыл.
Дүйшөн Төрөкуловду «губернатор кылабыз» деп тарапташтары алып келе жаткан учур. 7-октябрь, 2020-жыл.

Төрөкулов менен чогуу "Бир Бол" фракциясынан парламентке депутат болуп шайланган Бактыбек Турусбеков буларга токтолду.

«Мен муну бүгүн эле уктум. Эмне болгонун башка кесиптештеримден сурап билейин деп жатам. Башка иштен кабарым жок. Ал эми коррупция деп 30 жылдан бери эле айтылып келет. Мыйзам бардыгына бирдей иштеши керек. Депутат болобу же карапайым фермер болобу тегиз жоопко тартылышы керек деп эсептейм. Азыркы жаңы бийликтен үмүтүм чоң».

2020-жылдын октябрь айындагы башаламандыкка Ош шаарынын бийлиги талашка түшкөн. Митингде Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган. Бирок аны бийлик бекиткен эмес.

Ош облусундагы көйгөйлүү маселелерди көтөрүп жүргөн иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрүп жатат деген пикирде.

Ыдырыс Исаков.
Ыдырыс Исаков.

«Азыркы бийлик ойлонбой иш кылып жатат. Бийлик өч алуу системасы менен иш жүргүзүүдө. Парламент депутаты Алтынбек Сулайманов Садыр Жапаровдун бир топ демилгелерин колдобой койду. Каршы чыкты. Ал эми Дүйшөн Төрөкуловго чабуул Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго каршы сүйлөп чыккандан тарта башталды. Коррупцияга каршы күрөш жүрсө, Матраимов камалышы керек болчу. Бирок ал кармалганы менен бир күн да камакта отурган жок».

Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”

Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”

Шайлоого барчу партиялардын тизмесинде аты чыгып-чыкпаган, мурда-кийин уюшма кылмыш топтун мүчөсү же катыштыгы бар деп милициянын каттоосунда турган, соттолгон адамдар да бар экени белгилүү болду.

Дүйшөн Төрөкулов 2009-жылдан бери ар кандай мамлекеттик кызматтарды ээлегени менен анын ишмердиги тууралуу маалымат жок жана ал тууралуу негизинен уюшма кылмыш топторго байланыштуу гана маалыматтар айтылат.

Жарандык активист Семетей Талас уулу Төрөкуловго байланышкан иштер тууралуу буларга токтолду.

Семетей Талас уулу
Семетей Талас уулу

«Дүйшөн Төрөкулов эрежесиз мушташка чыгып жүргөн спортчу катары таанылган. Алардын тобунда Алтынбек Сулайманов баштаган башка спортчулар да бар. Алар эч ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү деп айтылып келгени менен Ички иштер министрлиги расмий каттоого алган эмес. Бирок ал кылмыштуу иштерге аралашып эле келген. Аны түз жүргөн депутат деп айта албайбыз. Бишкекте түз жүргөнү менен айрым кылмыштуу чыр-чатактарда анын кулагы көрүнүп калган учурлар көп эле болгон. Бирок азыр анын кармалышы шоу болушу да ыктымал. Анткени өткөндө Райымбек Матраимовдун өкүл баласын, андан кийин “Алтуха” деген каймана ат менен таанымал кримтөбөл Алтынбек Ибраимовду кармап, кайра эле коё беришпедиби. Төрөкуловду деле акча төлөтүп туруп анан чыгарып жиберишет деп ойлойм».

Дүйшөн Төрөкулов 2020-жылы 4-октябрда өтүп жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого да "Бир Бол" партиясы менен катышкан. Ошол кезде партиясынын курамында дагы эле чоң муштум спортчулар калганы, алардын бири Төрөкулов экени коомчулуктун сынына кабылган. Алтынбек Сулайманов буга мындайча жооп кайтарган эле.

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Ал жигит кримдүйнөгө эч качан аралашкан эмес. Эгерде ал андай иштерге катышкан болсо, анда анын кайсы уюшкан топто болгону, кайсы иштер менен ошол кримдүйнөгө аралашып калганы боюнча эч кандай далил жок. Себеби, андай иштерге тиешеси болгон эмес. Ал болгону спортсмен болгон. Спорттун чебери. Анан тентек бала. Жаштыгында тентектикти кимдер гана кылбайт? Ошонун негизинде айтылып, жазылып келди. Ал турсун мына мени деле кримдүйнөгө байлап атышпайбы. Мен өзүм бир да күн милицияга сурак берип, түшүнүк кат жазган бала эмесмин. Бирок мени деле ошентип жүрүшөт».

Дүйшөн Төрөкулов 2004-2009-жылдары Баткен мамлекеттик университетинин аскерге чейинки даярдык факультетин аяктаган. 2009-2012-жылдары Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

2009 - 2012-жылдары Бажы кызматынын Ош менен Баткендеги бөлүмдөрүндө ар кандай кызматтарда иштеген. 2012-2015-жылдары Ош шаардык мэриясына караштуу Дене тарбия жана спорт комитетин жетектеген.

XS
SM
MD
LG