Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Экс-спикердин жакыны жана фейк аккаунттар


Асылбек Жээнбеков жана Нуркан Керимбаев. Коллаж.
Асылбек Жээнбеков жана Нуркан Керимбаев. Коллаж.

«Facebook» компаниясы жалган маалымат таратты деген жүйө менен жапкан кыргызстандык аккаунттар жана баракчалар «Media Center» медиа мекемеси менен байланышы болгонун жарыялады.

Ал мекеме экс-президент Сооронбай Жээнбековдун депутат иниси Асылбек Жээнбеков спикер болуп турган кезинде анын басма сөз катчысы болгон Нуркан Керимбаевге таандык.

Экс-спикердин жакыны иштеткен сайт менен фейктердин байланышы

«Facebook» Кыргызстанда жалган маалымат тараткан жүздөгөн аккаунттарды жапканын маалымдаган баяндама таратты.

Компаниянын иликтөөсүнө ылайык, жабылган аккаунттардын, баракчалардын, топтордун айрымдары мурда-кийин маалымат айдыңында жүргөндөргө, өкмөттө иштегендерге жана «Media Center» аттуу медиага байланышы болгон.

Жабылган социалдык тармактардагы түйүн 2020-жылдагы парламенттик жана 2021-жылдагы президенттик шайлоо учурундагы үгүт маалында бир катар саясатчыларды колдосо, айрымдарын тынбай сындап турган.

«Фейсбуктун» баяндамасында жергиликтүү медиа мекемеге байланышы бар деп эсептелген «Фейсбуктагы» 121 аккаунт, 46 баракча, жети топ жана «Инстаграмдагы» 41 аккаунт болгон.

Алар өздөрүнө ыңгайлуу кабарларды көбүрөөк таркатыш үчүн «Фейсбукка» чыккан жарнамалык материалдарга 1250 доллар сарпташкан. Бул социалдык тармактардагы топторго жүздөгөн аккаунттар катталган.

Медиа-менежер Жаннат Токтосунова кийинки коомдук-саясий окуяларда социалдык тармактардагы атайын жалданган фейк аккаунттар элдин аң-сезимин бурууда чоң роль ойноп жатканын белгиледи.

Ал Кыргызстанда Интернетте коомчулуктун пикирин манипуляция кылууга адистешкен маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, атайын топтор күчөгөнүн айтып, «Facebook» алардын жүзүн ачыкка чыгара баштаганын кубаттайт.

Бирок ал элдин маанайы бурулуп бүткөндөн кийин гана жасалганына өкүнгөнүн да жашырган жок.

Жаннат Токтосунова.
Жаннат Токтосунова.

«Бардык саясатчылар чөнтөгүнө жараша фейк топторду багып жатканы жаңылык болбой калды. Тилекке каршы, бул кадимки көрүнүшкө айланып баратат. «Facebook» аларды жаап жатканын кубаттайм. Бирок өткөн эки шайлоодо элдин маанайын буруп, таасир этип бүткөндөн кийин гана жабылганы өкүнүчтүү», - деди Токтосунова. Ал ушу тапта жайнаган фейктер улам иш ыкмасын өзгөртүп, аларды аныктоо татаалдашып баратканын кошумчалады.

Жогоруда сөз болгон «Media Center» мекемесин 2019-жылдын аягында мурдагы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги депутат иниси Асылбек Жээнбеков төрага болуп турганда спикердин басма сөз катчысы болгон Нуркан Керимбаев ачкан.

Керимбаев бир кезде «Кабар» улуттук маалымат агентигинин жетекчисинин орун басары болуп да иштеген. Асылбек Жээнбеков былтыр октябрдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясы менен барган.

Керимбаев экс-спикер Асылбек Жээнбековдун жакшы таанышы экенин танбайт. Бирок шайлоодо кайсы бир саясий күчтөрдүн пайдасына Интернетте тролль, фейк өнөктүгүн жүргүзбөгөнүн айтууда. Керимбаев «Media Center» сайты былтыркы парламенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) расмий каттоодон өтүп, партиялардын үгүт материалдарын жайгаштырып иштегенин билдирди. Ачылганына бир жыл жетип-жетпеген медиага капчыктуу партиялар жарнама берген.

«Биз «Бир Бол», «Республика», «Кыргызстан» жана «Биримдик» партиялары менен иштештик. Алар берген материалдарды сайтыбызга жайгаштырып берип жаттык. Мен муну мындай божомолдоп жатам: төрт партиянын өзүнүн пиар компаниясы бар. Алардын СММ (SMM) командасы бөлүшөт, социалдык тармактар аркылуу таратат. Балким ошондон да болушу мүмкүн», - деди Керимбаев.

Керимбаевдин айтымында ушу тапта «Media Center» сайтында төрт кызматкер онлайн режимде үйдөн иштейт.

Медиага каршы фейктер армиясы күчөдү

Мындан сырткары «Facebook» дагы бир топ ондогон аккаунттарды өчүрдү. Ал негизинен саясий партияларга байланыштуу маалыматтарды жарыялаган, комментарий берүүгө адистешкен баракчаларды жапты.

Маселен, компания жапкан дагы бир түйүн жалган аккаунттарды колдонуп, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын баракчасын жана эл көп окуган «Азаттык», «Клооп», «Кактус», «Акипресс» медиа мекемелеринин веб-сайттарына чыккан макалаларга комментарий жазып турган. Ал комментарийлер мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү менен «Мекеним Кыргызстан» партиясын сындаган материалдарга асылган, орой формада жазылган. Ошол эле маалда аккаунт ээлери партиянын оппоненттерин жамандаган материалдарды кубаттап, мактап-жактаган комментарийлерди калтырышкан.

Бул боюнча комментарий алууга «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. Алардын пикирине орун берүүгө даяр экенибизди билдиребиз.

Журналисттер фейктерге каршы «согушууда»

«Клооп» басылмасынын редактору Рустам Халиловдун айтымында, айрыкча кайсы бир медиада журналисттик иликтөөлөр жарыяланган учурда сайттын баракчалары троллдор армиясынын чабуулуна кабылат. Халилов кожоюндарын улам алмаштырып, буюртма алып иштеген туруктуу фейктер бар экенин айтты:

«Анча тажрыйбасы жок Интернет колдонуучу ал маалыматтарга ишенип алышы мүмкүн. Бирок бизге фейк экени белгилүү эле болчу. Алар бири-бири менен социалдык тармактарда дос, андыктан байланыштуу экенин түшүндүк. Биз бул бир эле адамдар деп так айта албайбыз, бирок бир эле топко ар кайсы саясий күчтөр алардын кызыкчылыгы үчүн иштеп берүүнү өтүнүп кайрылышы мүмкүн экенин билебиз».

«Клооп» басылмасы Интернеттеги шектүү аккаунттар боюнча «Facebook» компаниясына кайрылып келген. Кыргызстанда саясий күчтөр айрыкча шайлоо мезгилинде социалдык тармактарда каршылашын сындап, кожоюнун мактап-жактаган троллдор фабрикасын колдонору жаңылык болбой калды. «Kaktus media», «Temirov Live», «Клооп» жана «Азаттык» медиалары социалдык тармактарды каптаган фейктер, троллдор жана боттор жөнүндө байма-бай иликтөө жүргүзүп келишет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG