Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 20:57

Активисттердин аккаунттарына чабуул башталды


«Facebook» социалдык тармагынын логотиби. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык бир нече активист социалдык тармактардагы аккаунттарын белгисиз адамдар бузуп киргени тууралуу даттанып чыгышты. Айрымдары баракчаларын биротоло алдырып жиберсе, башкалары кайсы бир видеолору, сүрөттөрү, посттору өчүрүлгөнүн кабарлашты.

Адистер телефон номерге байланган баракчаларда ушундай коркунуч бар экенин эскертүүдө. Башкалар болсо муну шайлоо алдындагы сөз эркиндигине кысым катары баалашты.

Удаа коюлган чабуул

Активист Мелис Аспеков да «Фейсбук» түйүнүндө коюлган катар чабуулдардын жаңы толкунуна кабылганын жарыялады. Ал саясий постторду жазгандан көп өтпөй эле баракчасына кире албай калганын, бир нече билдирүүсү өчүрүлүп кеткенин кабарлады:

Мелис Аспеков.
Мелис Аспеков.

«Мен президенттин иниси, депутат Асылбек Жээнбеков боюнча пост жазгам. Анан эле аябай чоң талкуу болуп, комментарийлер көбөйүп кетти. 20дай фейк аккаунттар мага чабуул коюшканынан, аларга бөгөт коюп жаттым. Бир убакта эле постко өзүм комментарий жаза албай калдым, аны скриншот кылып, кайра бөлүшсөм, баары өчүрүлүп кетти. Ошол учурда аккаунт байланышкан телефон номериме паролду алмаштыруу үчүн код СМС болуп келди. Бирөөлөр бузуп жатышканын дароо түшүндүм да, электрондук почтам аркылуу баракчамдын паролун алмаштырып жетишип калдым».

Социалдык тармактарда ушундай эле аракеттерге туш болгонун мунун алдында «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү, саясий маселелерди көтөрүп жүргөн Асхат Осмонов жана «Чоң казат» кыймылынын мүчөсү, коррупцияга каршы чыгып жаткан Сыймык Жапыкеев да кабарлаган. Алар паролдорун уурдап алгандар баракчаларын таптакыр өчүрүп жибергенин билдиришкен. Натыйжада «Фейсбукта» жана «Инстаграмда» кайрадан жаңы бет ачууга аргасыз болушкан.

Мурдараак активисттер Назгүл Түмөнбаева, Бакыт Молдожанов, өкмөттүк эмес уюмдарда иштеген Валентина Галич, социалдык тармактагы Салия Бектенова, Улукмырза Туратбеков, Алена Мур аттуу колдонуучулар да алардын баракчаларына белгисиз адамдар кирүүгө аракет кылганын жазышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндө шакаба видео чыгарган «Stand Up Bishkek» шоусунун резиденти Назгүл Айылчынова (Назгүл Алымкулова) да анын баракчасына белгисиз адамдар кирип, тасманы өчүрүп кеткенин жарыялаган.

Ал аталган видеого байланыштуу ушул күндөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка кирип чыккан.

Буга улай бийликке каршы бир нече акцияларды өткөргөн «#RЕакция» кыймылынын өкүлү Урмат Жаңыбаев да «Фейсбуктагы» баракчасы бузулганын айтып чыкты.

«Бийлик президентке байланыштуу нерселерди четинен өчүрүп, бөгөт коюу жолуна өттү. Мен да Жээнбековду сынга алган бир катар постторду жаздым эле, баракчамды бузуп, почтамды өчүрүп салышты. Интернетимди да өчүрүп, баракчамды да жок кылууга аракет кылышты эле, коңшуларымдын Интернетинен кирип, паролумду өзгөртүп, араң сактап калдым. Мамлекет башчыны сындаган дагы бир кызды суракка чакырышты. Сөз эркиндигине, социалдык тармактарда пикир билдирүүгө Кыргызстанда мурда-кийин мындай кысым болгон эмес. Тенденция бийликти узурпациялоого жана диктатурага алып баратканын көрсөтөт», - деди «Азаттыкка» активист.

Буга удаа эле «Фейсбуктагы» «Кара тизме» («Черный список») тайпасынын администратору, журналист Михаил Рогожин каза болуп калгандан кийин анын баракчасы аркылуу башка адамдар ал топту ээлеп алганы кабарланды. Сын-пикирлер жана даттануулар жарыяланган бул тайпада 90 миңдей колдонуучу бар эле.

Быйыл жазда да социалдык тармактардагы баракчаларына белгисиз адамдар кирүүгө аракет кылганын адвокат Замир Жоошев, «#RЕакция» кыймылынын уюштуруучуларынын бири Азият Жекшеев, КСДП партиясынын мүчөсү Кундуз Ажибекова жана башкалар социалдык тармактардагы баракчаларын белгисиз адамдар бузууга аракет кылганын айтып чыгышкан.

Жеке баракчаларга коюлган чабуулдарга түшүндүрмө берген байланыш жана IT адистери муну Интернет колдонуучулардын коопсуздук чараларын жетиштүү көрбөгөнү менен байланыштырып жатышат. Алар белгилегендей, ириде телефон номерлерге байланган аккаунттар туруксуз болот.

Инженер-программист Айкут Конушбай «Азаттыкка» буларды билдирди:

«Социалдык тармактардагы баракчаларды бузуп кириш үчүн жаман ойлуу адамдар бир нече ыкманы колдонушат. Маалыматтарын өздөрү анча сактабаган, паролдорун оңой кылып алгандардыкын жөн эле ачып алышат, ал эми башкалардыкын узак убакыт фишинг менен чогултуп, анан бузушат. Мындан сырткары паролдору телефон номерине байланган адамдардын аккаунттарын уюк байланыш операторлорунан окшош SIM-карта чыгартып алып, ошого келген СМС менен бузуп киришет. Күч органдары мобилдик компанияларга колу жетерин билебиз да. Ошондуктан телефон аркылуу авторизация кылсаң да, аны чалуу аркылуу келе турган кылып коюш керек. Же VPN колдонуу аркылуу да коопсуздукка жетсе болот. Ошол эле кезде паролдорду да татаалыраак кылып, браузердин кэш-эс-тутумунда сактабай, өз мээңде гана сактоо кажет».

«Сын-пикирлер менен күрөшүү аракети...»

Арийне, аккаунттарына чабуул коюлган же алдырып жибергендердин айрымдары эки уюк байланыш оператору - «Альфа Телеком» («Мегаком») менен «СкайМобайлдын» («Билайн») номерлерин пайдаланарын жазып жатышты. Пароль алмаштыруу да ушул компаниялардын номерлери аркылуу жүрүп жатканын жүйө келтиришти. Мунун ичинен көбүнчө мамлекетке караштуу компания катары «Мегакомдон» күмөн санагандар арбын.

«Альфа Телеком» («Мегаком») компаниясы буга байланышту расмий билдирүү таратып, соцтармактардагы жеке баракчаларды бузуп кирүүгө «MegaCom» компаниясынын тиешеси жок экенин кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматкери Жумгалбек Өмүрканов бир адамдын номерин экинчи адам алып алууга жол берилбей турганын билдирип, буга техникалык да мүмкүнчүлүк жок экенин айтты:

«Megacom» соода маркасына «Альфа Телеком» ишканасы ээлик кылат.
«Megacom» соода маркасына «Альфа Телеком» ишканасы ээлик кылат.

«Эгер бир кишиге катталган номерди дагы башка тарапка, айталы кайсы бир органга берген маалда, экинчи SIM-карта аппаратка салынары менен биринчи SIM-карта блок болуп калат. Башкача айтканда иштебей калат. Бир номерге тиешелүү эки SIM-картаны бир эле учурда эки аппаратта иштеткен техника жок, андай мүмкүн эмес. Номердин ээси кайра иштетем десе, аны биздин кеңсебизге келип кайра жандантышы керек болот. Ошондуктан бул жерде бизди, уюк байланыш операторун күнөөлөгөн туура эмес».

Кыргызстанда аталган эки компаниядан сырткары «НУР Телеком» («О») жана «КТ Мобайл» («Салам») уюлдук ишканалары да абоненттерди тейлейт. Бул ишканалардан жана «СкайМобайл» («Билайн») компаниясынан комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Кантсе да, Интернет колдонуучуларга, өзгөчө бийликке сын айткан активисттердин аккаунтарын тартып алуу, бузуп кирүү, өчүрүү же жеке маалыматтарын уурдап алуу аракеттери сөз эркиндигине жасалган басым катары кабылданууда.

Журналист Азиза Бердибаева мындай чаралар шайлоо алдында күчөгөнүн белгилейт. Баса, анын да «Фейсбуктагы» баракчасы жакын арада чабуулга кабылган эле.

Азиза Бердибаева.
Азиза Бердибаева.

«Кийинки убакта өлкө жетекчилигине карата сын-пикирлер кескин күчөп кетти. Пандемияга байланыштуу кырдаал курчуп, түрдүү көйгөйлөр ачыкка чыкты. Көп адамдар нааразы болуп жатышат, Интернет түйүндөрүндө бийликти сындаган посттор тынымсыз жазылууда. Маалымат айдыңында мындай нерселер менен күрөшүү үчүн ушундай, аккаунттарды тартып алмай ыкмага барып жатат окшойт. Кайсы бир нерсени жазууга чек коюп, аккаунттарды өчүрүшкөндөн көрө элдин маселесин чечишсе болмок», - деди журналист.

Жеке аккаунттарга карата чабуулдар боюнча мамлекеттик мекемелер жана укук коргоо органдары билдирүү тарата элек.

Президенттик аппарат да мындай аракеттерге комментарий бергиси келбейт. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева мурдараак жасаган билдирүүсүндө бийликти сындоо табигый көрүнүш экенин белгилеп, бирок азыркы сынчыларды «хайп жаратуучулар» деп атаган эле.

Толгонай Стамалиева.
Толгонай Стамалиева.

«Азыр өлкө тагдырында, элибиздин турмушунда жеңил эмес учурду башыбыздан кечирип жатабыз. Мындай мезгилде мамлекеттик бийликке болгон суроо-талап күчөй турганын өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков жакында мекендештерибизге кайрылуусунда да айтты. Мамлекет башчы өлкөнүн адамдык, каржылык ресурстарын мобилизациялап, ушул кыйын кезеңден алып чыгуу максатында болгон аракетти жасап жатат. Ага баарыбыз күбөбүз. Колдогондор менен кошо ачык сындагандар да бар, бул табигый көрүнүш. Биз жарандык коому күчтүү, демократиялык мамлекетпиз. Азыр саясий демилгелер да кызый баштаган мезгил. Социалдык тармактарда пикир билдирүү укугу чексиз, эркин. Ошондуктан коомубуздун ар кыл өкүлдөрү бардык маселе боюнча эксперттик түрдүү пикирлерин, кээде укмуштай идеяларды да билдирип жатканына күбөбүз. Мындай демилгелерди биз негизинен эмоционалдык-саясий, же азыркынын тили менен айтканда “хайп” жаратуу максатында жасалып жаткан аракет деп баалайбыз», - деген Толгонай Стамалиева.

Президент Сооронбай Жээнбеков талаш жараткан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга кол койбой, артка кайтарарын аз күн мурда жарыялаган учурда «коомдо фейк маселеси бар экенин, аны менен күрөшүү зарыл экенин» билдирген. Активисттер так ушул мыйзамды Интернет колдонуучулардын оозун жабуу аракети катары баалап келатышат.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Байланыш агенттигинин эсебинде Кыргызстанда 10 млн. 563 миң 605 мобилдик абонент бар. Анын 7 млн. 721 миң 210у активдүү болсо, алты миллионго жакыны Интернетке туташкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (17)

XS
SM
MD
LG