Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-август, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:37

Президентти кетирүүгө кол топтогон сайт бөгөттөлдү


Change.org сайтында «Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсү үчүн!» деп аталган петицияны төрт миңдей киши колдогон пикир калтырган.

Жамааттык кайрылууларды жайгаштырган дүйнөлүк Change.org онлайн-платформасы Кыргызстанда ачылбай калды.

Мунун алдында сайтта президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылган петицияга кол топтолуп жаткан болчу.

Буга улай социалдык тармактарда бир катар саясатчыларга чабуул күчөдү. Бул аракеттерге коомдук уюмдар да камтамачылыгын билдирип жатышат.

Кол топтоочу сайттын бөгөттөлүшү

«Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсү үчүн!» жана «Президент Жээнбековго импичмент көрсөтөбүз!» аттуу эки петицияга кол топтоо башталгандан кийин эле, 16-июлга караган түнү Change.org сайтына кыргызстандыктар кире албай калышты. Кабелдик интернет менен кошулгандар да, мобилдик интернет менен киргендер да сайт ачылбай жатканын жазышууда.

Бир катар акцияларды өткөргөн «#RЕакция» кыймылынын өкүлү Урмат Жаңыбаев эл аралык сайттын Кыргызстанда бөгөттөлүшүн кескин айыптады.

Урмат Жаңыбаев.
Урмат Жаңыбаев.

«Change.org сайты президенттин отставкасын талап кылган петицияны жайгаштырганы үчүн эле бөгөттөлдү. Бийлик президентке байланыштуу нерселерди четинен өчүрүп, бөгөт коюу жолуна өттү. Мен да Жээнбековду сынга алган бир катар постторду жаздым эле, баракчамды бузуп, почтамды өчүрүп салышты. Интернетимди да өчүрүп, баракчамды да жок кылууга аракет кылышты эле, коңшуларымдын Интернетинен кирип, паролумду өзгөртүп, араң сактап калдым. Мамлекет башчыны сындаган дагы бир кызды суракка чакырышты. Сөз эркиндигине, социалдык тармактарда пикир билдирүүгө Кыргызстанда мурда-кийин мындай кысым болгон эмес. Тенденция бийликти узурпациялоого жана диктатурага алып баратканын көрсөтөт», - деди ал.

Сайт жабылганга чейин петицияларга 4000 миңдей киши кол койгону кабарланган. Ошол эле кезде кеп болгон онлайн-платформа айрым интернет провайдерлерде гана жабылганы, кээлеринде көрүнүп жатканы да кабарланууда. Кыргызстанда интернет жеткирүүчү 70тен ашуун компания бар жана алардын көбүнө чалып, маалыматты тактай алган жокпуз.

Кыргызстандагы байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күрөңкеев бул боюнча аларда азырынча маалымат жок экенин билдирди.

Айбек Күрөңкеев.
Айбек Күрөңкеев.

«Мен аны жана эле уктум. Бизде азырынча маалымат жок. Кат дагы, маалымат дагы келе элек. Жумушубуз азыр аралыктан болуп жатканы үчүн толук кабар ала албай жатабыз. Азырынча эч нерсе айта албайм. Маалымат болсо кийинчерээк же эртең түшүндүрмө беребиз. Мыйзам боюнча соттун чечими менен санкция кылыш керек. Ошондон кийин гана сайт жабылат», - деди ал.

Сот демекчи, адатта кайсы бир интернет баракчаларга бөгөт коюу өтүнүчүн ал органга күч кызматтары же Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет өтүнүч жибериши керек. Анүчүн кандайдыр бир негиз болушу шарт. Азырынча укук коргоо органдарынан же аталган комитеттен түшүндүрмө алууга мүмкүн боло элек.

Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева бул маселе «президенттик аппараттын компетенциясына кирбей турганын, байланыш комитетинен жооп алуу туура болорун» билдирди.

Мурдараак президент Сооронбай Жээнбековдун видео билдирүүсү «YouTube» каналында төрт миңдей «dislike» чогулткандан кийин өчүрүлгөн. Президенттин басма сөз кызматы кийин комментарий берүү мүмкүнчүлүгүн чектөө менен видеону кайра жүктөгөн.

Фейктердин чабуулу, атайын кызматтын сурагы

Ушул тушта социалдык тармактарда да фейк-аккаунттар аркылуу бийликти сындаган жарандык коомдун өкүлдөрүнө, оппозициячыл саясатчыларга карата чабуул көбөйгөнү сынга алынууда.

Анын ичинде маселен, «Ата Мекен» партиясынын айланасында чогулган депутаттар Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Темир Сариевге карата түрдүү коллаждар массалык түрдө жайылды. Анда аларды криминалга, ар кайсы саясатчыларга байланыштырып, эмгек өргүүсүнө ири суммада акча алганы мисал келтирилет.

Дары-дармекти жашырган деген кампалар башка саясатчы, экс-депутат Өмүрбек Бабановго жабыштырылып жатат. Бабанов өзү муну төгүндөп, каралоо экени жарыялады.

Журналист Жакшылык Бердибек уулу бул аракеттерди келе жаткан парламенттик шайлоого байланыштырды.

Жакшылык Бердибек уулу.
Жакшылык Бердибек уулу.

«Социалдык тармактарда, көбүнчө «Фейсбукта» фейктер акыркы мезгилде өтө жанданды. Бир тараптуу эле болуп жатат дебейм, бийликтин да, кайсы бир саясатчынын позициясын жактаган аккаунттар баш көтөрдү. Бирок жалпы жонунан оппозициялык саясатчыларга карата чабуул көп. Чындыкка да жакын эмес, таптакыр акылга сыйбаган же адамдын кадыр-баркына доо кетирген, тебелеп-тепсеген нерселер жазылууда. Менимче бул биринчи кезекте шайлоого байланыштуу ыплас күрөштүн элементтери. Парламенттик жарыштын алдында бийлик өзүнө жакпаган саясатчыларды дискредитациялоо, элге жаман көрсөтүү аракетин көрүп жатканын айгинелейт. Экинчиден, бул чабуулдар толкунун сөз эркиндигине карата кысым катары бааласак да болот», - деди ал.

Бул арада коомчулукта «Stand Up Bishkek» шоусунун резиденти Назгүл Айылчынованын (Назгүл Алымкулова) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакыртылышы боюнча да талкуу жүрүп жатат. Бир катар активисттер жана коомдук уюмдар да муну сөз эркиндигине карата кысым катары баалап чыгышты.

«Медиа Полиси Институту» уюму 16-июлда тараткан билдирүүдө УКМК Айылчыновага жөнөткөн чакыруунун өзү мыйзамга жооп бербей турганы белгиленди:

«Жазык-процессуалдык кодекстин (ЖПК) 189-беренесине ылайык, чакыруу кагазында кайсы адам ким катары, кимге жана кайсы дарекке, саат канчага чакырылып жатканы жана адвокат чакырууга болгон укугу жазылышы керек болчу. Бирок Айылчыновага жөнөтүлгөн чакырууда бул норма бузулуп, адвокат чакыруу укугу көрсөтүлгөн эмес. Айылчынованы УКМКнын тергөө тобунун жетекчиси чакырыптыр. ЖПКнын 156-беренесинин 1-бөлүгүндө «Оор же көлөмү чоң болгон учурда жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүш тергөөчүлөрдүн тобуна (тергөө тобуна) берилиши мүмкүн, бул жөнүндө прокурор же тергөө бөлүмүнүн жетекчиси өзүнчө токтом чыгарат» деп жазылган. Демек, тергөө тобу көптөгөн документтерди карап чыгууга, көп адамдарды суракка алууга, ошол эле учурда тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүү зарылдыгы жаралганда гана түзүлүшү керек болчу», - деп айтылат анда.

Береги уюмдун пикиринде, Айылчынова жайгаштырган видеодо мыйзам бузуунун белгилери жок, ал эч кимди адаштырып-алдаган эмес, видео Конституция жана мыйзамдар коргогон тамаша жана юмор болуп эсептелет. Анда кастыкка, бийликти күчтөп басып алууга же жапырт башаламандыкка чакырык айтылган эмес. «Андыктан, кылмыш белгилери жок ишке УКМК кызматкерлери убактысын жана ресурсун эмне үчүн коротуп жатканы түшүнүксүз», - деп белгилейт «Медиа Полиси Институту».

Билдирүүдө Айылчынова атайын кызматтын өкүлдөрүнүн аракеттерине юридикалык баа бериш үчүн прокуратурага кайрылса болору айтылды.

Бишкектик стендап-комик (stand-up comedy) Назгүл Айылчынова 15-июлда УКМКга күбө катары суракка чакырылганын өзү ырастаган. «Фейсбуктагы» баракчасына суракка кирип чыкканын гана кыскача жазып, эмне сөз болгонун айткан жок.

Буга чейин ал телефондогу Doublicat тиркемеси менен президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн пайдаланып жасаган видеону социалдык тармактарга бөлүшкөн. Ага айрым жарандар нааразы пикир жазышкан.

УКМК Айылчынова суракка эмнеге чакырылганы тууралуу маалымат бере элек.

Бийликке карата коомчулукта күчөгөн сындарды жана интернеттеги тирешти айрым эксперттер мыйзам ченемдүү көрүнүш катары көрүп жатышат.

Буга себеп пандемиялык шарт жана саясий жарыштын жакындашы. Саясий талдоочу Алмазбек Акматалиев мындай деди:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

«Фейктерге каршы мыйзам кабыл алынганда жарандык коомдун өкүлдөрү каршы чыгышты эле. Азыр фейктерди бирөөлөр бийлик тараптан көбүрөөк болуп кетти десе, өкмөт экинчи тараптан фейктер арбыды деп айтууда. Эми баарыбыз биригип фейктерге каршы кандайдыр бир күрөш кылышыбыз керек го дейм. Албетте аларды камап салуу керек деген ойдон алысмын, бирок кайсы бир жолдорду издешибиз кажет. Экинчиден, саясий күрөш токтобойт экен. Пандемия болуп жаткан мезгилде каршылашуу учурлары көбөйүп кетти. Анүстүнө шайлоо келе жатат. Менимче мындай нерселер мындан ары күчөй берет. Бийлик өзүнүн ишин кыла бериши керек, оппозиция да өз ишин жасай берет. Мындан трагедия жасабаш керек. Ачык жана демократиялык коомдо саясий күрөштөр улана берет. Президентке сын айтылганы деле мыйзам ченемдүү нерсе. Бирок президент, өкмөт жана жергиликтүү бийлик кризистен чыгуу үчүн болгон аракетин жумшап жатат. Чектен чыкпай, эки тараптан тең мыйзамсыз аракеттер жасалбаса эле болду. Канткен күндө да Кыргызстаныбыз бир, баарыбыз бир кайыктабыз. Ошондуктан баары бир консенсустарды издешибиз керек. Өкмөт дагы коомду угуш керек, коом дагы өкмөткө жардам бергенди колго алышы зарыл», -деди ал.

Президентке каршы кол топтогон сайт ачылбай калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуш кылган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун парламент жарандык коомдун, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алган. Мыйзам 9-июлда президенттин кол коюусуна киргизилген.

Авторлор өздөрү мыйзам жеке адамдын намысын, абийирин Интернеттеги ушак менен жалаадан коргоого өбөлгө түзөт деген жүйө келтиришкен.

«Бул мыйзам сөз эркиндигине каршы багытталат» деп сындаган активисттер «#REакция» аттуу акция өткөрүп, президент Сооронбай Жээнбековду «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга вето коюуга чакырышкан. Айрымдар соңку мезгилдеги айрым активисттерге карата басымды жана жамааттык кайрылууларды жайгаштыруучу дүйнөлүк Change.org онлайн-платформасынын тосмолонушун да ушул мыйзам менен байланыштырып жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (57)

XS
SM
MD
LG