Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

“Медиа Полиси Институту”: Назгүл Айылчынова УКМК боюнча прокуратурага кайрылса болот


Назгүл Айылчынова.
Назгүл Айылчынова.

“Медиа Полиси Институту” уюму «Stand Up Bishkek» резиденти Назгүл Айылчынова (Назгүл Алымкулова) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакыртылганына байланыштуу билдирүү таратты.

Билдирүүдө УКМК Айылчыновага жөнөткөн чакыруунун өзү мыйзамга жооп бербей турганы белгиленди:

“Жазык-процесстик кодекстин (ЖПК) 189-беренесине ылайык, чакыруу кагазында кайсы адам ким катары, кимге жана кайсы дарекке, саат канчага чакырылып жатканы жана адвокат чакырууга болгон укугу жазылышы керек болчу. Бирок Айылчыновага жөнөтүлгөн чакырууда бул норма бузулуп, адвокат чакыруу укугу көрсөтүгөн эмес. Айылчынованы УКМКнын тергөө тобунун жетекчиси чакырыптыр. ЖПКнын 156-беренесинин 1-бөлүгүндө ”Оор же көлөмү чоң болгон учурда жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүш тергөөчүлөрдүн тобуна (тергөө тобуна) берилиши мүмкүн, бул жөнүндө прокурор же тергөө бөлүмүнүн жетекчиси өзүнчө токтом чыгарат” деп жазылган. Демек, тергөө тобу көптөгөн документтерди карап чыгууга, көп адамдарды суракка алууга, ошол эле учурда тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүү зарылчылыгы жаралганда гана түзүлүшү керек болчу”.

“Медиа Полиси Институту” уюмунун пикиринде, Айылчынова жайгаштырган видеодо мыйзам бузуу белгилери жок, ал эч кимди адаштырып-алдаган эмес, видео Конституция жана мыйзамдар коргогон тамаша жана юмор болуп эсептелет. Анда кастыкка, бийликти күчтөп басып алууга же жапырт башаламандыкка чакырык айтылган эмес:

“Андыктан, кылмыш белгилери жок ишке УКМК кызматкерлери убактысын жана ресурсун эмне үчүн коротуп жатканы түшүнүксүз”.

Билдирүүдө Айылчынова атайын кызматтын өкүлдөрүнүн аркеттерине юридикалык баа бериш үчүн прокуратурага кайрылса болору айтылды.

Бишкектик стендап-комик (stand-up comedy) Назгүл Айылчынова 15-июлда УКМКга күбө катары суракка чакырылганын өзү ырастаган. "Фейсбуктагы" баракчасына суракка кирип чыкканын гана кыскача жазган, эмне сөз болгонун айткан жок.

Буга чейин ал телефондогу Doublicat тиркемеси менен президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн пайдаланып жасаган видеону социалдык тармактарга бөлүшкөн. Ага айрым жарандар нааразы пикир жазышкан.

УКМК Айылчынова суракка эмнеге чакырылганы тууралуу маалымат бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG