Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 22:49

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам президентке кол коюуга киргизилди


«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы «#RЕакция» акциясы. Бишкек шаары. 29-июнь, 2020-жыл.

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам президенттин кол коюусуна киргизилди. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү «Азаттыкка» кабарлагандай, мамлекет башчы мыйзамга бир айдын ичинде кол коюуга же вето коюуга укуктуу.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуш кылган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун парламент жарандык коомдун, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алган.

«Бул мыйзам сөз эркиндигине каршы багытталат» деп сындаган активисттер «#REакция» деп аталган акция өткөрүп, президент Сооронбай Жээнбековду «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга вето коюуга чакырышкан.

Авторлор өздөрү мыйзам жеке адамдын намысын, абийирин Интернеттеги ушак менен жалаадан коргоого өбөлгө түзөт деген жүйө келтиришкен. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (10)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG